Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:33

ТАЛАС: МИТИНГИЧИЛЕР БИШКЕК-ТАЛАС ЖОЛУН ТОСУШТУ


“Андаш”, “Жерүй” кендеринин иштешине каршы турган митингчилер кечээ күнү Бишкек-Талас жолун тосушту. Жергиликтүү укук коргоочулар мындай көрүнүштү мыйзамсыз дешүүдө. Митингичлер бул акция эки күн уланаарын жана бийлик башчылар маселени чечпесе 9-апрель күнү Бириккен фронтко кошулушаарын билдиришти.

Талас районуна караштуу Аксай айылынын күн чыгыш жагында 3 боз үй, бир вагон орнотушкан митингчилер алтын кенге каттаган автоунааларды өткөрбөй жолду тосушту. Бул акцияга Талас районунун бардык айыл өкмөттөрүнөн адамдар келип катышууда. Аксай айылынын тургуну Жумакеев Шумкарбек бүгүнкү күнгө чейин бийлик тараптан жооп болбой жатканын айтты:

- “Жерүй”, “Андаш”, “Талдыбулак” кендеринин иштөөсүнө каршы экенибизди билдирип туруп атабыз. Ушул талапты коюп өкмөттөн жооп ала албай атабыз. Жолду жапканыбыз, бүт өтүп аткан техникаларды 100 пайыз токтотуп коюу эмес. Алтын кендерге кетип аткан жумушчуларды, техникаларын токтотуу биздин максатыбыз.

Талас облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орунбасары Марс Жолунбеков акция болоор алдында лидерлер менен болгон сүйлөшүүдө жол жабылбайт, деп айтылганын “Азаттыкка” маалымдады:

- Чогулушта лидерлердин ар бири менен сүйлөшкөнүбүздө, жол жабылбайт деген убада берген. Бирок алар алтын кенде иштеген кызматкерлерди жумушка жөнөтпөйбүз дейт. Бүгүн чогулуш болуп атат, ал жерде чечим кабыл алынат, ошондо билинет.

Бир учурда Талас облустук администрацияда аппарат жетекчи болуп иштеп, жакында жумуштан кеткен Талас районунун тургуну Улан Ташматов акцияда айтылып жаткан элдин сөзү туура эмес, караңгылык деп айтууда:

- Бул жерде караңгы кишилердин сөзү болуп атат. Чүйдө Карабалтада шаардын ортосунда заводдор бар, ушунча жылдан бери иштеп атат, жакшынакай эле иштеп атпайбы.

Эгер бул акциядан кийин да бийлик маселени чечпесе, лидер Азимкан Жунушалиевдин айтымында, нааразы жарандар Бириккен фронттун катарына барып кошулмакчы. Бириккен фронт Таласта 9-апрелде митингг акцияларын уюштуруп жатат.

Азыркы тапка чейин алтын казуучу компанияларга каршы турган митинг акцияларды кимдир бирөөлөр каржылап жатат деген сөздөр айтылып келет. Азимкан Жунушалиев бул тууралуу мындай деди:

- Биз да андай сөздөрдү угуп атабыз. Биздин эл өзү колунан келишинче жардам берип атат. Мисалы, бирөө кой, бирөө улак, бирөө акча берип атат. Мисалы, мен өзүм эле фондго миң сом жардам бердим. Айылдын тургундары өздөрү келип тамак жазап атышат. Эчи ким бизге эч нерсе берген жок.

XS
SM
MD
LG