Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:51

14:50 Жогорку Кеңеш чет өлкөлүк жарандарга 2007-жыл үчүн квотаны эки эсеге азайтты


Ага ылайык кабыл алынган токтом боюнча эми Кыргызстанда 4358 чет өлкөлүк жаран ишмердүүлүк жүргүзө алат. Миграция боюнча мамлекеттик комитет 8716 адамга квота берүүнү сунуш кылган. Токтом депутат Замирбек Эсенамановдун сунушуна ылайык өзгөртүлдү. Негизги ишкерлер Кытай мамлекетинен келет деп эсептеген депутаттар бул өңүттө тыкыр көзөмөл жүргүзүүнү ички иштер министрлигине, прокуратурага жана миграция боюнча мамлекеттик комитетке тапшырып, мыйзамсыз жүргөн ишкерлерди өлкөдөн чыгарууну сунуш кылышты. Айрым депутаттар Кыргызстанда жургөн ишкерлердин саны 30 миңден 50 миңге чейин деп болжошту. Расмий маалымат боюнча алардын саны 21 миңден ашык. (BuS)

XS
SM
MD
LG