“Марттагы элдик ыңкылап” коомдук бирикмесинин кезексиз чакырылган курултайына райондордон жана Ош шаарынан келген жүз делегат катышты. Курултайдын күн тартибинде өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаал, коорупциянын деңгээли жана бийликтин иш-аракеттери талкууга алынды. “Марттагы элдик ыңкылап” коомдук бирикмесинин төрагасы Тимур Камчыбеков мындан эки жыл илгери ишке ашырылган элдик ыңкылаптын идеалдары тепселенип, өлкөдө авторитардык башкаруунун белгилери күчөй баштады деген оюн ортого салды.
- Кыргызстандын экономикасын сазга батырып, бардык мекеме-ишканаларды, короо сарайларды талап-тоноп, жеген чиновниктерге мамлекетибизди кайра салып бериптирбиз. Бүгүнкү күндө ошол чиновниктер кайрадан күч алышып, эски Акаевдин, коррупциялык система, авторитардык режим кайрадан күч алып чыкты, - деди Тимур Камчыбеков.
Ал эми 2005-жылкы март ыңкылабынын лидерлеринин бири учурда Ош облусунун губернаторунун биринчи орун басары Кушбак Тезекбаев президент Курманбек Бакиевге өлкөдө болуп жаткан коррупциялык иш-аракеттердин күч алып жатышы, тандалган кадрлардын жемкордугу, үй-бүлөлүк таасирдин мурдагдай эле улантылып жатышы боюнча ыңкылапчылардын атынан бир канча ирет кайрылганы менен алигиче жыйынтык чыкпай келгендигине кейиди:
- Бир нече жолу кат алып бардык колубуз менен Кыргызстандын биринчи адамына, жыйынтык чыкпады.
Ошол эле учурда март окуяларынын тушунда Жалалабаддагы ыңкылаптык кыймылды жетектеп учурда өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары болуп иштеп жаткан Жусуп Жээнбеков ыңкылапчы санаалаштарына карата бийликтин буга чейинки мамилесин сынга алды:
- Эл акырындан четтетиле берген. Бул эмне бизди шылдың кылганыбы, революциянын адамдарын үчүнчү сорттогу адамдын катарына кошуп атканыбы. Бул Курманбек Салиевичтин саясаты эмес, бул анын жака белиндеги саясат. Айлана-чөйрөсүндөгүлөр коюн-колтугуна кирип алып, ким жаман баланча жаман, аны түртө коёлу деген жетинчи этажга чейин оюн бар экен. Ошол жердеги кадрлар чечет барын. Алмаштыргындын бири мен, - деди Жусуп Жээнбеков.
Оштук ыңкылапчылар оппозициялык бириккен фронттун талаптарын толук колдобой тургандыктарын айтышып, бул багытта калыс позицияны тутунушаарын белгилешти.
Курултайдын аягында Оштук ыңкылапчылар президент Курманбек Бакиевге кайрылуу жолдошуп, анда ыңкылаптын идеалдарын сактап калууга, оппозиция менен сөзгө келүүгө жана ыңкылапчыл лидерлерди мамлекеттик кызмат орундарына тартууга чакырган өз талаптарын коюшту.