Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:49

К.БАЙБОЛОВ: КЫРГЫЗСТАНГА ФРАНЦУЗДУК ПРЕМЬЕР-ПРЕЗИДЕНТТИК БАШКАРУУ МОДЕЛИ ЖАРАКТУУ


“Реформа үчүн” кыймылы өткөн аптада эле президент Бакиевге Баш мыйзамдын долбоорун тапшырган. Ал долбоор «Реформа» кыймылынын мүчөсү, ЖК депутаты Кубатбек Байболов жетектеген жумушчу топ тарабынан иштелип чыккан. Бул долбоордо негизинен премьер-президенттик деген аралашма модель сунуш кылынган. Мамлекеттик башкаруунун бул түрү парламенттик системага жакыныраак экенин Кубатбек Байболов «Азаттык» менен болгон маегинде билдирди.

- Өткөн аптада “Реформа үчүн” кыймылы президент Бакиевге Баш мыйзамдын долбоорун тапшырды. Сиз ошол долбоордун авторлорунун бирисиз. Сиздин вариантыңызда башкаруу формасынын кайсы түрү сунуш этилет?

- Эсиңиздерде болсо, башкаруу формасы тууралу көптөн бери талашып-тартышып ар кандай сунуштарды айтып келе жатабыз. Бир топ чоң адистердин тобу ар кайсы башкаруу формаларын изилдеп келип, бизге эң ылайыктуусу аралаш система керек экендигине токтолгонбуз. Бул Кыргызстандын гана өзгөчөлүгүнө байланыштуу. Себеби, таптаза президенттик башкарууну башыбыздан кечирип келатпайбызбы 14 жылдан бери, ошонун кесепетинен кризиске баттык. Биринчиден, биздин партиялар анчейин жеткилең болбой жатат. Экинчиден, таза парламенттик система эки гана күчтүү партия болгондо гана эффективдүү иштей алат. Ошондуктан биз француздук премьер-президенттик деген аралашма, парламенттик системага жакыныраак моделди түзүп чыктык.

- Сиз маектериңиздин биринде мамлекет башчы кысым болгондо гана позитивдүү өзгөрүүлөргө барат деп мисал катары ноябрь конституциясын келтирдиңиз. Ушунчалык аракеттерден кийин кабыл алынган Конституцияны эмне үчүн коргоп ала алган жоксуңар депутаттар. Азыр Бакиев силердин вариантыңарга макул болуп, бир-эки айдан кийин өзгөртүп жибербейт деген кепилдик барбы?

- Өзүңүздөр анализдеп көрбөйсүңөрбү, эки жылдан бери эч кандай өзгөрүү жок. Бирин-экин өзгөрүү кысым астында гана болбодубу. Болбосо биз аянтка чыгып, же жанагыдай өйдө-төмөн тартышып турганга куштар болуп атыптырбызбы. Маселен, андан деле тажап бүттүк. Бирок, андан башка ылаажы жок калып атпайбы элде. Айтор, биз бир жобо киргиздик. Эгерде Конституция кабыл алынып кала турган болсо 2012-жылга чейин эч кандай өзгөртүү-түзөтүүлөр киргизилбесин деп сунуш кылып жатабыз.

- Бирок ага парламентарийлердин төрттөн үч бөлүгү макул болушу керекпи?

- Жок, үчтөн эки бөлүгү жана президент макул болгондо гана өзгөртүлөт. Биз оорлотуп койдук өзгөртүүнү. Кеп анда деле эмес, эң негизгиси коомдун бир бөлүгү менен өзгөртө албастыгыбызга көзүбүз жетпедиби. Ноябрда бир тарап кабыл алса, декабрда бир тарап кайра ордуна коюп койду. Эгерде азыркы лидер тарабынан чын ыклас пайда болсо, консенсус пайда болгону жатпайбы. Болбосо ноябрдыкын президент анча кабыл албай, өзүнүн долбоорун өткөрүп кетпедиби. Биздин максат эки тарапты тең бириктирүү, башка ылаажы жок экенин түшүнүш керек болуп атат.

- Азыр алдыда биз сөз кылдык эле оппозиция менен бийлик сүйлөшүү өткөргөнү жатат деп. Ушул жөнүндө кандай кабарыңыз бар?

- Сүйлөшүү өткөрүүдөн биз эч качан баш тарткан жокбуз. Бирок сүйлөшүүнүн алдында конкреттүү бир предмети, мазмуну болуш керек да. Жөн эле барып сүйлөшүп отура берип эч кандай жыйынтык чыкпаганын башыбыздан кечирип келе жатпайбызбы.

- Азыр Украинада саясий кризис курчуп турат. Президенттин мөөнөтсүз шайлоо өткөрүү демилегесине каршы болгондор, бюджетте андай акча жок, эл кыйналып турганда ошончо каражат коротуу туура эмес дешүүдө. Кыргызстанда болсо президент мөөнөтүнөн мурда кетсе Бириккен фронт талап кылгандай, шайлоо өткөрүүгө акча кайдан алынат?

- Кедей өлкөлөргө акча табылат турбайбы. Азыр ал биринчи пландагы эң чоң маселе эмес. Көп кагылышуусу жок, бейкуттукту камсыз кылган стабилдүүлүккө жетиш керек болуп атат, мындан өткөн негизги максат жок. Биз ошондуктан чырылдап сунуш кылып атпайбызбы. Жалгыз гана ушул өлкөнү модернизациялоодон башка жол калбай баратат. Эсиңерге келип, атадан калган бийлик жок да, жок дегенде ошондон баш тартып, бөлүшүп элди жакшынакай алып чыгып кеткенге моюн сунбайсыңарбы деп чырылдап атпайбызбы.

- Митингдерде, мисалы былтыр ноябрда шаардын мэри канча бир миллион жалгыз Бишкекке чыгаша тартты деп атты эле. Бул жолу дагы эл кыйналбайбы?

- Шаардын мэри митингдин акчасын эсептегенден мурун шаардагы эбегейсиз мыйзам бузуп жер сатууларды, уурдоолорду чектебейби алды менен. Чарбада иштеген адамдар саясатташпай эле өзүнүн ишин жасай берсе туура болмок. Эмне деген миллиондогон долларга чейин сатылып атат жер, аны эл көрүп атат, андан көрө ошол жактан үнөмдөбөйбү.

- Маегиңизге ырахмат.

Маектешкен Айнура Жекше кызы, Прага

XS
SM
MD
LG