Кыймыл Бириккен Фронттун чукул президенттик шайлоо өткөрүү чакырыгын жактайт. Ал ошондой эле мамлекетти тунгуюкка кептеген абалга алып келгени үчүн бийликти кескин сындайт. “Биз жаңы дем менен ширелген жаш муундун өкүлдөрү бийликке келишин жактайбыз жана күнөстүү Кыргызстаныбыздын жаркын келечегин өз колубуз менен гана кура аларыбызга ишенебиз” – деп баса белгиленген билдирүүдө. ((ESu)