Үстүбүздөгү жылдын 16-мартында мамлекеттик телерадиокомпаниянын кабарчысы Кайрат Биримкулов белгисиз бирөөлөр тарабынан сабалып, денесине оор жаракат келтирилген. Бир жума өтпөй, НТС телеканалынын кыргыз тилиндеги жаңылыктарынын алып баруучусу Данияр Исановду белгисиз бирөөлөр уруп кетишип, ал учурда ооруканада. Ал эми 30-март күнү Жалалабат шаарынын борбордук аянтында “Сентябрь” телеканалынын оператору Талантбек Сопуев тынчтык митингинин учурунда таяк жеген. Кыска убакыттын ичинде эле минтип үч журналисттин сабалышы Кыргызстандагы сөз эркиндигинин жоктугунан кабар берет деп билдиришет жарандык коомдун өкүлдөрү. Алардын айтуусунда ушул тапта журналисттер өздөрүнүн ишмердүүлүгүнүн курмандыктары болуп калышууда. Анткени, учурдагы саясий кырдаал журналисттердин кайсы бир тарапка жакпай калуусун шарттоочу кырдаал болуп жатат дешет алар. Медиа өкүлчүлүгү институтунун жетекчиси Илим Карыпбеков мамлекет тарабынан маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө өзгөчө мамиле болууга тийиш деп эсептейт:
-Журналистке бийлик жана бийликтеги адамдар өзгөчө мамиле кылууга тийиш. Анткени журналист деген демократиялык мамлекетте сөз эркиндигинин көрсөткүчү болгондон кийин ага өзгөчө мамиле болуп, анын коопсуздугун кепилдикке алып берүүгө тийиш. Андай кылбаган бийлик бийлик эмес.
Илим Карыпбековдун айтуусунда журналисттер окуяларды обьективдүү чагылдырып, мыйзамга баш ийип аткан соң, мамлекет да алардын укугун коргоп берүүгө тийиш.
Эки жумага жакын убакытта үч журналисттин сабалуусуна бийлик, тартип коргоо органдары тарабынан көз жумдулук менен мамиле жасалып жатканын, мамлекет башчыларынын сөз эркиндигин кубаттабай тургандыгын билдирет деп белгилешет жарандык коом өкүлдөрү. “Интербилим” коомдук уюмунун жетекчиси Асия Сасыкбаева мындай окуяларга жогорку бийлик ээлери эң биринчилерден болуп баа берүүгө тийиш деп эсептейт:
-Бүгүнкү күнгө чейин президент да, мамлекеттик катчы да унчукпай келе жатышат. Эмне алар өлкөдө болуп жаткан окуяларды билбейби, укпайбы же окубайбы? Алар унчукпай аткан соң, ички иштер министрлиги менен коопсуздук комитети деле унчукпайт да, -дейт Асия Сасыкбаева.
Журналисттердин укугунун тебеленүүсүнө алардын биримдигинин жоктугу, журналисттик этиканы сактабай, өкмөтчүл жана оппозициячыл деп эки жээкке бөлүнүүсү алып келүүдө. Мындай пикирин билдирген “Эл аралык толеранттуулук үчүн” коомдук уюмунун жетекчиси Рая Кадырова биригүүгө убакыт келип жетти дейт:
-Журналисттердин арасында биримдик жок. Бири-биринин башына түшкөн окуя, иштерге көз жуумп, кайдыгер мамиле кылышат. Уруп кетип атышат, сабап атышат, бирок журналисттер тарабынан эч кандай реакция жок. Мындай учурларда бардык оппозициячыл да, өкмөтчүл да журналисттер биригип, чогуу чыгууга тийиш эле. Оппозицияга да, бийликке да кайрылып, өздөрүнүн коопсуздугун камсыздоону талап кылуусу керек эле.
Байкоочулардын баамында журналисттердин укуктук сабатсыздыгы да алардын укугунун тебеленүүсүнө алып келет. “Журналисттер” бирикмеси медиа өкүлчүлүгү институту менен чогуу апрель митингдеринин алдында журналисттердин укуктары тууралуу эскертмени маалымат каражаттарына таратууну көздөөдө.
Ал эми айрым журналисттер болсо маалымат кызматкерлеринин коопсуздугу менен укуктук сабатсыздыктын байланышы жок деп айтышат. Журналист Толкун Наматбаеванын пикири боюнча бүгүн тартип коргоо органдарына, андан да мурун мамлекет жетекчилерине журналисттердин укугун коргоп, коопсуздугун камсыздап бер деп кайрылуудан пайда жок деп эсептейт:
-Андан көрө же кайра кол көтөрүү керек же качып кетүү керек. Башка жол жок.
Айрым байкоочулардын айтуусунда апрель митингдеринин учурунда журналисттерге ар тараптуу кысымдар көбөйүүсү мүмкүн деген божомолдор бар.