Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Март, 2021 жума, Бишкек убактысы 07:26

АНТИМИТИНГДЕР КЫРДААЛДЫН КУРЧУУСУНА АЛЫП КЕЛЕБИ?


Кечээ Бишкекте мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү талабы менен саясий ачкачылык акциясы башталды. Ошол эле күнү бир нече коомдук уюмдардын өкүлдөрүнүн уюштуруусунда тынчтык жүрүшү болду. Жүрүштүн катышуучулары эски аянттагы саясий ачкачылыкта отургандарга келип, ортодо кайым айтышуу болуп кетти. Байкоочулар мындай антимитингдер кырдаалдын ого бетер курчушуна гана алып келет деп эскертип жатышат.

Кечээ бир нече коомдук уюмдардын өкүлдөрүнөн турган аялдар ак элечек кийишип, “Энелер тынчтыкты жана биримдикти каалайт” деген ураан менен Бишкек шаарынын түштүк дарбазасынан Байтик көчөсү менен Алатоо аянтын көздөй жөө жүрүш жасашты. Жүрүштү уюштуруучулардын бири, “Акыйкат жолу” коомдук уюмунун жетекчиси Бүайша Арстанбекова иш-чаранын максаты тууралуу “Азаттыкка” төмөнкүлөрдү айтып берди:

-Биздин максат эки тарапты тең тынчтыкка чакыруу. Бетме-бет, маңдай-тескей отуруп, өлкөнүн стабилдүүлүгүн, энелер менен балдардын тынчтыгын камсыз кылуусун талап кылабыз.

Бүайша Арстанбекова жүрүштү антимитинг эмес, маселени тынчтык жолу менен чечүүгө жасалган чакырык деп кошумчалады.

Байтик көчөсү менен жөө жүрүшкө чыккан 50 чамалуу аял эски аянттагы саясий ачкачылыкта отурган”Бириккен фронттун” өкүлдөрүнө келишип, аларды сүйлөшүүгө чакырууга аракет жасашты. Бирок эки тараптын ортосунда кайым айтышуу гана болуп, тараптар сөзгө келе алышкан жок.

“Энелер тынчтык үчүн” деген ураан менен ушул эле күнү аялдардын жана балдардын катышуусунда Жалалабат шаарында да чакан митинг болуп өттү.

Өткөн ишембиде болсо түн ичинде белгисиз бирөөлөр “Атамекен” партиясынын Жалалабат облустук кеңсеси жайгашкан имараттын терезелерин талкалап кетишкен. 4-апрель күнү күндүз”Бириккен фронттун” Оштогу кеңсесине белгисиз аялдар менен жигиттер келип, “фронттун” облустук координаторуна кол көтөрүп, кеңседеги кагаздарды алып кетишкени белгилүү. Мындай жол менен оппозицияга бут тосуу аракеттери, антимитингдер өлкөдөгү кырдаалды ого бетер курчутуп жиберет деп эскертишүүдө байкоочулар. Саясат талдоочу Орозбек Молдалиев митинг жана антимитингдерди уюштуруунун алдында терең ойлонууга тийиш деген пикирин билдирди:

-Өзүңүздөр билесиздер, 90-жылдардын башында Тажикстанда болгон жарандык согуш ушундай карама-каршылыктардан улам чыгып кеткен. Биздин саясатчылар ушуну ойлонуусу керек. Алардын “кагылышка жол койбойбуз” деп айтып жаткан сөзү бүгүнкү айтып жаткан сөзү. Массанын психологиясы бөлөк болуп, башкарууга оор болуп калат. Ошон үчүн бийлик да, оппозиция да мындай нерселерден этият болушу керек,-дейт Орозбек Молдалиев.

Ал эми президенттин алдындагы адам укугун коргоо комиссиясынын төрагасы Турсунбек Акун өлкөдө тынчтык болсун деген тилек менен митингге чыгууга оппозициядан башкалардын да укугу бар экенин белгиледи:

-Антимитингге чыгууга алардын да укугу бар, мына булар чыгып жатат, алар да чыгат. Туурабы? Бирок иштин баарын ушу митингдерге жеткирбей, башынан чечүү керек эле. Биз муну президентке да, оппозицияга да айтып, жеткире албай койдук,
-дейт Турсунбек Акун.

Бириккен фронттун мүчөлөрү антимитинг жана башка кол салуу иштерин президенттин иниси Жаныш Бакиев уюштуруп жатат деп билдиришүүдө. Фронттун мүчөсү Анвар Артыков бул иштердин баары Жаныш Бакиевдин командасы менен болууда дейт:

-Буларды башкарып аткан Жаныш Бакиев. Аларды талкалатып коюп, эчнерсе билбеген болуп отурушат.

Анвар Артыковдун сөзүн “Акыйкат жолу” коомдук уюмунун жетекчиси Бүайша Арстанбекова четке какты. Ал мындай маалыматтар президентти жана анын үй-бүлөсүн жек көрсөтүү максатында оппозиция тарабынан таратылып жаткан ушак деп белгиледи.

Өкмөт башчы Алмаз Атамбаев 4-апрелде өткөргөн маалымат жыйынында антимитингдерге жол берилбей тургандыгын билдирген. Ал эми тынчтык жүрүшүнүн уюштуруучулары бул иш-чара үч күнгө созуларын айтышууда.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG