Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:46

АЧКАЧЫЛЫК АКЦИЯСЫНА ЧЫККАНДАРДЫН КАТАРЫ КӨБӨЙДҮ


Бишкектеги эски аянтта “Бириккен фронттун” мүчөлөрү саясий ачкачылыгын улантышууда. Алар менен түштө өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев, кечке жуук Бириккен фронттун жетекчиси Феликс Кулов келип жолугушту. Саясий ачкачылык жарыялагандардын абалы медицина кызматкерлери тарабынан текшерилип жатат.

“Бакиеви жок реформа” деген ураан менен саясий ачкачылык жарыялагандардын саны бүгүн 74кө жетти. Алардын жетөө аялдар. Бириккен фронттун штаб башчысы Эмил Алиевдин айтуусунда жер-жерлерден келип кошулгандар болууда:

-Саясий ачкачылыктын эки түрү болот: кургак жана суу менен. Биздин акциянын катышуучулары суу ичип атышат. Бүгүн саны бир аз көбөйдү, Таластан келип кошулушту. Акциянын катышуучуларын врачтар келип, көзөмөлдөп турушат,-дейт Эмил Алиев.

Саат он экиде саясий ачкачылыкта отургандарга өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев келди. Ал журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, президент жарлыгы менен түзүлгөн жумушчу топ Конституциянын бирдиктүү долбоорун иштеп жатканын белгилеп, 11-апрелде боло турган митингге келе тургандыгын билдирди:

-Митингге мен да келем, элдин талабын угам, сөз сүйлөйм. Өткөн жылы ноябрда митинг учурунда Феликс Кулов премьер-министр болуп турганда элге чыкпай койгон эле, мен антпейм. Бирок мен чочулап турам, кан төгүлүп кетпесе экен деп чочулап турам. Ошондуктан, сүйлөшүүлөргө баруу керек,- деди Алмазбек Атамбаев.

Түштөн кийин “Энелердин тилеги тынчтык, биримдик жана ыймандуулук” деген чакырыктын алдында бир нече коомдук уюмдардын 30-40 чамалуу аял өкүлдөрү саясий ачкачылыкта отургандарга келип, кепке тартууга аракеттеништи. Бирок аларга карата Бириккен фронттун мүчөлөрү жооп кайтарышкан жок:

Кечке жуук, саат төрттө саясий ачкачылыкта отургандарга Бириккен фронттун жетекчиси Феликс Кулов келип жолукту. Ал нааразылык акциясында отургандарга айткан сөзүндө президент Бакиев менен сүйлөшүүгө барбай тургандыгын, баары нааразылык акциясынын катышуучулары менен сүйлөшүлүп, макулдашылгандан кийин гана чечилет деп билдирди:

-Жок, сүйлөшүүгө барбайм. Сиздер менен макулдашылгандан кийин сүйлөшөбүз.

Феликс Кулов андан кийин нааразылык акциясынын штаб башчылары менен жабык эшик артында жолугушуп, сүйлөштү. Бириккен фронттун штаб башчыларынын бири Мелис Эшимкановдун айтуусунда сүйлөшүү учурунда эртеңки пландар, 11-апрелде боло турган митинг тууралуу гана сөз болгон. Ал эми бийлик менен сүйлөшүүлөр болору жөнүндө кеп болгон жок дейт Мелис Эшимканов.

Саясий ачкачылык ушул тапта Эски аянтта тигилген 8 боз үйдө улантылып жатат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG