Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:34

КЫРГЫЗСТАНДАГЫ КЫРДААЛ: ТИРЕШКЕНДЕР КЕПКЕ КЕЛИШЕБИ?


Өлкөдө кырдаал курч бойдон калууда. “Келечеги кең Кыргызстан үчүн” бириккен фронту кечээ күнү бийликке бир күн убакыт берип, коюлган шарттардын аткарылышын талап кылган. Ошол эле бириккен фронттун жактоочулары да кечээтен тарта Жогорку Кеңештин алдына бозүйлөрүн тигип, ачкачылык акциясын башташкан. Мурдагы оппозиционер, азыркы премьер-министр коалициялык өкмөт түзүлгөнүн, президент чоң кадамдарга барып жатканын айтканы менен радикал оппозиция ага түк ынабай турат.

11-апрелге белгиленген оппозициялык күчтөрдүн митинги жакындаган сайын коомчулукта, өзгөчө Бишкек шаарынын тургундары арасында тынчсыздануулар күч алды. Анткени азырынча эки тараптын талаш-тартыш маселелери чечилбеген бойдон калууда. Ошол себептүү 2005-жылдын 24-мартындагы окуялар кайталанып кетпейби деп тынчсызданган адамдар, каршылаш тараптарды сүйлөшүүлөргө барууга үндөй башташты. Ал эми саясат талдоочулар өлкөдөгү кырдаалды оор катары сыпатташууда. Коомдук саясат институтунун адиси Шайыр Жураевдин ырасташынча, окуя ушул өңүттө улана берсе түндүк-түштүк маселеси гана эмес улуттар аралык араздашуулар да тутанып кетиши ыктымал:

- Эки-үч чоң коркунучтар турат. Буга саясий күчтөр бийлик үчүн талаш-тартыштардын айынан көңүл бурбай жатышат. Эң оболу коом арасында бөлүнүп-жарылуу тенденциясы көбөйүп баратат. Бул - түндүк-түштүк маселеси гана эмес, этникалык маселелер да көтөрүлүп чыгышы мүмкүн. Тарыхта көп болот, эгерде мамлекеттеги башкы бийлик начарласа, күчү кетсе, алсыз болсо мурдатан жыйылып келаткан проблемалар чыгып калат.

Маселени тынчтык жолу менен, тегерек үстөлгө отуруп алып чечүүгө чакырган адамдар да өз-өзүнчө кыймылдарга, топторго бириге башташты. Карабалтада түзүлгөн «Тынчтык - биримдик» кыймылынын башкаруу тобунун мүчөсү Дүйшөгул Жусупов, 17 партия жана 20 чакты уюмдар өз ара сүйлөшүшкөнүн, митинг-акциялардын тынч өтүүсү үчүн Карабалтадан Кеминге чейин авто жүрүш жасай турушканын билдирди:

- Биз бийликти да, фронту да жактабайбыз. Бизге чынында он беш жылдан бери өкмөт деле жардам берген эмес, дагы эле жардам бере элек. Андан кийин фронту түзүлүп, алардан деле жардам болчудай эмес. Биз ошондуктан 8-апрелде саат сегизде Бишкектен – Карабалтага, Карабалтадан – Кеминге чейин авто жүрүш кылалы деп атабыз. Бери дегенде азыр 60-70 машине жүрүшкө катышат, ошолорго жазууларды тагып алабыз.

Ошондой эле Бишкек шаарынын интеллигенция өкүлдөрү да түзүлгөн кырдаалга жараша өз ойлорун билдирип, жаатташкан тараптарды ынтымакка, элди сабырдуулукка үндөй башташты. Бир катар чыгармачыл адамдар, коомдук ишмерлер «Тынчтык үчүн» аттуу кыймыл түзүшүп, жалпы элге жана тараптарга кайрылуу жолдошту. Кыймылдын мүчөсү атактуу цирк оюнчусу Жусуп Толтой мындай дейт:

- Бүгүнкү күндө бийлик талашкан адамдар, оппозиция дагы, бийлик дагы биздин абдан кыжырдануубузду, тынчсыздануубузду жаратууда.


Бишкек шаардык кеңештин депутаты, Кыргызстан ветерандары партиясынын лидери генерал Абдыгул Чотбаевдин пикиринде, окуя ушул өңүттө улана берсе күтүлбөгөн окуялар болуп кетиши ыктымал. Учурда орточул турумда турганын айткан генерал Чотбаев, бийлик менен оппозициянын сүйлөшүүлөрдөн башка жолу жок экендигин билдирди:

- Эки жактын чоң тиреши болуп атпайбы. Ошентип тиреше беришсе эмнелер болуп кетерин айтыш кыйын. Эми оппозициянын кээ бир талаптарына кошулса болот, тура эле айтып атышат. Бирок, элдерди бири-бири менен тирештирбей, сүйлөшүүлөр жолу аркылуу бардык маселелерди чечүү керек.

XS
SM
MD
LG