Бишкектеги эски аянтта “Бириккен фронттун” мүчөлөрү саясий ачкачылык акциясын улантышууда. Аларга бүгүн 6-апрелде түштө өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев, кечке жуук Бириккен фронттун жетекчиси Феликс Кулов келип жолугушту. Саясий ачкачылык жарыялагандардын абалы медицина кызматкерлери тарабынан текшерилип жатат. “Бакиеви жок реформа” деген ураан менен саясий ачкачылык жарыялагандардын саны бүгүн 74кө жетти. Алардын жетөө аялдар. Ачкачылык жарыялагандардын катарында ЖК депутаты Мелис Эшимканов да бар. Бириккен фронттун штаб башчысы Эмил Алиевдин айтуусунда, ачкачылык акциясына жер-жерлерден келип кошулгандар болууда.