Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:05

БРИТАН ДЕҢИЗЧИЛЕРИ ИРАНДА АЙТКАНДАРЫН ТӨГҮНДӨДҮ


Британия менен Иран ортосунда он үч күнгө созулган дипломатиялык тирешүү 15 британ деңизчисинин бошотулушу менен аяктаган эле. Иран бийликтери аларды туткундан 5-апрелде бошотту. Деңизчилер мекенине кайтып келген соң ага чейин Иранда айткандарын төгүндөшүп, ал жакта психологиялык кысымга кабылган билдиришти.

Британдык аскери деңизчилердин мекенине кайтып келгенден кийинки маалымат жыйынында билдиргенине караганда, алар Иранга эмес, Иракка караган аймакта кармалышкан. Лейтенант Феликс Карман деңизчилердин жалпы билдирүүсүн окуп, мындай деди:

-Мурда эмнелер айтылганына карабай, мага тактык киргизүүгө уруксат бергиле. Биз Ирандын Революциялык гвардиячылары тарабынан кармалган кезде, Ирактын аймактык сууларында болчук. Камактагы мезгилибизде такай психологиялык кысымга туш болдук. Бизге кийимибизди чечүүнү мажбурлап, ич кийимдерди беришти. Кийинки бир нече түндү аянты беш чарчы метр келген таш камераларда өткөрдүк. Үймөлөктөшкөн одеялдардын үстүндө уктадык. Бизди толук изоляцияда кармашты.

Пресс-конференцияга он беш деңизчинин алтоосу келди. Тегеранда эгер Ирандын чек арасын бузушканын моюнга алышпаса, аларды жети жылга түрмөгө отургузарын айтып, коркутушкан экен. Деңизчилердин Иран телесинен мурда айтылган сөздөрү мына ошол кысмактоолордун натыйжасында чыккан. Анда алар Ирандын аймактык сууларына мыйзамсыз киргени моюнга алып, кечирим сурашкан эле.

Деңизчилердин ичинен Иран телесинде эч алгач 26 жаштагы Фей Терни аттуу айым сүйлөгөн болчу. Кызматташтарынын айтымында, ал башынан топтон бөлөк кармалып, бирок калгандарына айым деңизчи мекенине жөнөтүлгөн деген маалымат берилген. Аларды көзүн таңып, куралчан жоокерлердин коштосуунда алып жүрүшкөн.

Британ деңизчилери Улуттар уюмунун мандатына ылайык, Перси булуңунда контрабандага каршы инспекция жүргүзүү боюнча ишин аткарып жаткан кезде, 23-мартта кармалган болчу. Топтун жетекчиси, капитан Крис Эйр эл аралык жаңжаалга шыкак болбос үчүн алар ирандыктарга атайылап каршылык көрсөтүшпөгөнүн белгиледи:

-Ирандыктар биздин душманыбыз эмес. Биз алар менен согушкан жокпуз. Биздин эрежелер өмүрүбүзгө коркунуч келгенде гана ок чыгарууга уруксат берет. Ирандыктардын чыныгы ниети анык болгондо, биз балким мыйзамдуу түрдө каршылык көрсөтө алмакбыз, бул учурда аракеттенүү үчүн кеч болуп каган. Биз толук курчоодо калдык. Кандай болбосун каршылык көргөзүүгө барсак, эл аралык чоң чатак чыгып, бул чөлкөмдөгү тирешүүнү курчутмак.

Деңизчилер Тегеран менен Лондон ортосунда 13 күнгө созулган дипломатиялык тирешүдөн соң бошотулду. Алардын мекенинен жасаган билдирүүсүн Ирандын телеси "пропаганда" деп атады. Ал эми өлкөнүн Лондондогу элчиси Расул Мовахедян - Аттар "Fiancial Times" гезитинде жарыяланган маегинде Иран Бртаниядан жакшы санаалаштыкты күтүп жатканын белгиледи. Элчинин айтымында, эми Тегеран Британия Иракта америкалык аскерлер тарабынан кармалган беш ирандыкты бошотууга көмөктөшкөн жана өлкөнүн өзөктүк программасы боюнча эл аралык кысымды басаңдаткан жооп кадамдарды жасаса, ыраазы болмок.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG