Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:28

ЮЩЕНКО ПАРЛАМЕНТТИ ТАРКАТУУ ЖАРДЫГЫНАН БАШ ТАРТПАЙТ


Жаңыл Жусупжан, Прага Украинадагы кырдаал курч бойдон. Президент Виктор Ющенко чукул парламенттик шайлоо өткөрүү планынан баш тартпай тургандыгын бышыктады.

Киевде пасха майрамына байланыштуу Ыйык София чиркөөсүнө барганда Ющенко парламентти таркатып, 27-майда мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү чечимин мыйзам чегиндеги аракет деп мүзнөздөдү:

– Менин чечимим конституцияга ылайык жана мыйзамдуу болду, кайра артка кайтпайм. Коомдук тиреш болбойт деп кепилдик берем. Күч министрликтери Украин президентинин буйругун аткарып жатышат. Жаңы шайлоо эркин жана адилет болот.

Өкмөт башчысы Виктор Янукович менен саясий таймашка мажбур болгон Ющенко парламентти таркатууга мындан бир жумача мурда буйрук берген. Бул кадам өлкөдөгү саясий кризисти кескин курчутуп жиберди. Ющенко жана башка оппозиция жол башчылары 2004-жылы Саргылтым ыңкылапты ийгиликтүү ишке ашыргандан бери, анын колдоочуларынын катары суюлуп кетти. Киевде бир нече күндөн бери президенттин башкы атаандашы Виктор Януковичтин жетекчилиги менен Ющенконун парламентти таркатуусуна жана эрте шайлоо уюштурууга каршы нааразылык акциялары өтүүдө. Киевдеги акцияларга он миңдеге киши катышып, парламенттик имараттын алдында-күнү түнү пикетте туруп жатышат. Пикеттегилердин экөө "Азаттыктын" кабарчысына буларды билдиришти:

– Биз Ющенко жардыгын күчүнөн кетиргенче тура беребиз. Ал мыйзамсыз жардыгын күчүнөн кетирсин, деген Сергейге, - Констутициялык сотко кысым көрсөтүлбөйт, ал мыйзамга шайкеш чечим кабыл алат деп үмүттөнөбүз. Бул мыйзамсыз жардык. Сот саясий эмес, мыйзамдык чечим кабыл алышы керек, - деп Наталя деген пикетчи кошулду.

Пасха майрамында сүйлөгөн сөзүндө Ющенко Януковичти жана анын колдоочуларын "өлкөдө тиранияны жана тил алчаак демократияны орнотууга аракеттенип жатат" деп күнөөлөдү.

Янукович парламентти таркатуу тууралуу жардыктын мыйзамдуулугун Конституциялык сот карап жатканда, ызы-чууга жол бербөөгө чакырган. Ал президентке жообун өкмөттүн интернет сайты аркылуу берип, саясий кризис "демократиялык жана мыйзамдуу жол менен ийгиликтүү жөнгө салынат" деп жазды. Конституциялык сот масенени бир айдын ичинде карашы керек.

Украинадагы кырдаалга Орусия, Европа Биримдиги, Кошмо Штаттары жана башка өлкөлөр тынчсыздануу билдиришкен.

XS
SM
MD
LG