Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:24

9- АПРЕЛЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Петропавловск чебинин командачысы Я. Баувер Индия менен Кытайга алып барчу кыска соода жолун өздөштүрүш үчүн кыргыздар менен ынтымак куруу зарылчылыгын белгилейт. Пишпек шаарында жашаган айрым адамдар Кара-Кыргыз Автономиялык областы уюшулат деген кабардан үрөйү учуп, 1922-жылдын бул күндөрү үй-жайын сатып, Борбордук Россия жана Сибирь аймагына көчүп башташкан.

Россия империясы Индия менен Кытайга алып барчу кыска соода жолун ачуу максатында, Борбордук Азияга ар түркүн экспедицияларды жөнөтүп, мында орун алган мамлекеттер жана анын калкы туурасында маалымат топтоого киришкен. Акыркы соода жолун колдонууга ыңгайлуу учур келгендигин туйган Петропавловск чебинин командачысы Я. Баувер 1795-жылдын 9-апрелинде Екатерина II кат жолдогон. Анын билдиргенине караганда, аталган багытта соода байланышын куруш үчүн кыргыздар жана улуу жүз казактар менен ынтымак куруу зарылчылыгы белгиленет. Анын аймында орус кербендери Петропавловскиден чыгып казактардын Бакай султанына келип, андан Атаке Баатырга, ал жерден тыныгып Кашкарга багыт алмак. Я. Баувердин катында кыргыз жергесинен Тибетке, башка кыргыз тобунан Индияга чейин сапар тартса боло тургандыгы кабарланат.

Кара-Кыргыз Автономиялык областынын уюшулушу туурасындагы кабарды ар кайсыл калк өкүлдөру ар башкача кабыл алган. Пишпек шаарында жашаган айрым адамдар Кара-Кыргыз Автономиялык областы уюшулат деген кабардан үрөйү учуп, 1922-жылдын бу күндөрү үй-жайын сатып, Борбордук Россия жана Сибирь аймагына көчүп башташкан. Пишпек шаарында чыкчу “Красное утро” гезити калкты сабырдуулукка чакырып, автономиялык уюшулуш эч кимге зыян алып келбесин, ал тескерисинче көп улуттуу Пишпек, Каракол, Ош, Олуя-Ата уездеринде биримдик үчүн иш алып бараарын жазып чыкты.

Фрунзе шаардык Аткаруу комитетинин 1954-жылдын 9-апрель күнкү чечимине ылайык, борбор шаардын көчөлөрүн жарыктандыруу иши башталды. Көчөлөрдү жарыктандыруу иши 36 километр аралыкка белгиленип, Ленин- азыркы Чүй проспектиси, Пионер-азыркы Москва көчөлөрүнүн эки тарабына фонарь илинчи тарабы чоюндан жасалгаланган темир устундар орнотулган.

Советтер Союзунун ар кайсыл аймагында партия диктатына каршы саясий акциялар өткөрүлүп аткан маалда, Кыргызстан коммунисттик партия Борбордук комитетинин кезектеги пленуму 1990-жылдын 9-апрелинде ишин баштады. Пленумда коммунисттик партиянын аброюн арттыруу, коммунисттердин аракетин бириктирүү сыяктуу маселелер талкууга алынды.

Айтылуу кинорежиссер Төлөмүш Океев 1993-жылдын бул күнү Кыргызстандын Түркия Республикасына Толук Ыйгарым укуктуу элчи болуп дайындалды. Гиперинфляция жана каатчылыктан кабыргасы кайышкан интеллегенция үчүн Т. Океев элчилик кызматка кетиши кыргыз киносунун акыры катары кабыл алынган.

Жогорку Кеңеш депутаттыгына ат салышкан Рысбек Акматбаев 2006-жылдын бул күнү № 69-Балыкчы округунан 79, 22% добуш топтоп, уюшкан криминалдык топтун лидерине парламент депутаттыгына мандат алууга жол ачылды.
XS
SM
MD
LG