Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:35

БИРИККЕН ФРОНТ ТҮШТҮКТӨГҮ МИТИНГ АКЦИЯЛАРЫН ТОКТОТТУ


Кубанычбек Жолдошов, Ош 8-апрель күнү “Кыргызстандын кең келечеги үчүн” Бириккен фронтунун түштүк аймагы боюнча штабы билдирүү таркатты. Анда Ош, Жалалабат жана Баткен облустарында 9-11-апрель күндөрү боло турган нааразылык митингдери токтотулгандыгы айтылат. Жергиликтүү фронтчулар мындай чечим ар кандай чагымчылык аракеттердин алдын алуу максатында кабыл алынганын белгилешти.

Оппозициялык бириккен фронттун түштүк аймактагы штабынын Ош облусу боюнча координатору Абдыкайым Кангелдиев 9-11-апрель күндөрү Ош шаарында жана райондордун борборлорунда уюштурула турган митингдерге каршы чагым даярдалып жаткандыгы боюнча маалымат түшкөндүгүнөн улам нааразылык акцияларын токтотуп туруу чечими кабыл алынгандыгын билдирди:

- Түштүк региондо сөзсүз түрдө провокация боло тургандыгына көзүбүз жетти. Ал турсун жергиликтүү бийлик провокациядан пайдаланып, улуттар аралык жаңжал чыгарууга, керек болсо, кан төгүүгө чейин бара турган мүмкүнчүлүктөр бар экенине көзүбүз жетти. Биз ошол бириккен фронттун жетекчилери катарында, Кыргызстандын чыныгы патриоттору катарында тынчтык митингине он миң эл бүгүнкү эл митинге даяр турганына карабастан биз митингди токтотууга аргасыз болуп жатабыз,- деди Абдыкайым Кангелдиев.

Бириккен фронттун түштүк аймактык штабынын башчысы Абдымажит Мадумаров болсо 9-11-апрель күндөрү мамлекеттик бийлик имараттарын басып алууга аракет жасагандай түр көрсөткөн шыкактык күчтөр чагым уюштура турган болсо, мындай жорук-жосундар үчүн жооптуу эмес экендиктери расмий түрдө жарыялады:

-11-апрель күнү эгер Ош шаарынын администрациясынын тегерегинде элдер чогулуп, ар кандай провокация башталса ал бизден эмес. Бийликти басып алуу же башка аракеттер болсо муну биздин түштүк аймактык фронттун жетекчилиги тааный албайт, - деди Абдымажит Мадумаров.

Алардын айтымына караганда, 11-апрель күнү Бишкекте өтө турган массалык нааразылык акцияларына ыктыярдуулар топтору уюштурулуп, жөнөтүлмөкчү. Абдыкайым Кангелдиев жөнөй турган адамдардын так саны боюнча азырынча маалымат айта албай тургандыгын билдирди.

-Ыктыярдуулар деп биз жөнөтүп жатабыз. Алардын делегация жетекчи болуп мен барган жатам. Ал эми негизги күч 10 миңдей адам кулак түрүп турат. 11-апрелдеги Бишкекте боло турган саясий митингдин жыйынтыгына карап өзүнүн позициясын дагы билдирет. Ал топтун санын айтыш кыйын. Себеби ыктыярдууларды гана жазып жатабыз. Баткен менен Жалалабатты макулдаштырып жатабыз. Оштон жүз адамдын тегерегинде кетишет. Ал эми Баткен менен Жалалабатты кошкондо андан көп болот, - дейт Абдыкайым Кангелдиев.

XS
SM
MD
LG