Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:58

НУРЛАН ШАКИЕВ: “КЫРДААЛДЫ СТАБИЛДҮҮ КАРМООГО АРАКЕТ ЖУМШАЛАТ”


Кыргызстанда мөөнөтсүз митингдер башталды. Бийлик митингдерден пайдаланып, ар кандай күчтөрдүн баш-алмандык түзүп жиберүүсүнүн алдын алып, өлкөдө кырдаалды стабилдүү кармоого аракет жасамакчы. Бул жагдайда президенттин маалымат катчысы Нурлан Шакиев “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

-Нурлан мырза, айтсаңыз, жер-жерлерде мөөнөтсүз митингдер башталбадыбы. Бийлик тарабынан алардын талаптарын ишке ашырууга кандай аракеттер болуп жатат?

-Булар митингге чыгарын бийликке күн мурунтан билдиришкен. Аларга эч кандай каршылык, тоскоолдуктар көрсөтүлгөн жок. Бардык жерлерде өтүп атат.

-А талаптары боюнчачы?

-Талаптарын айтып эле келатышат. Бийлик буга чейин айткан убадаларына туруп, мынакей Конституциялык реформага кадам ташталды. Өкмөт башчы баш болуп, жумушчу топ түзүлдү. Ошонун негизинде Башмыйзамдын жаңы долбоору жазылып бүтүп атат, эртең президентке, парламентке сунуш кылынат. Дагы бир талабы КТРди реформалоо болчу, ал боюнча президенттин жарлыгы чыкты, коомдук телерадиокөрсөтүүсү боюнча Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзамга кол койду. Негизинен, бийлик компромисске барып, оппозициянын талаптарын аткарып атат.

-Бирок алардын талабы “мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү” болуп атпайбы..?

-Президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоо Конституцияда каралган атайын эрежелер, шарттар бар. Кандай шартта, кандай учурда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо болору тууралуу айтылган. Азыр мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүгө эч кандай негиз жок. Оппозиция муну түшүнүп туруп, талабынан кайтпай атканы таң калычтуу. Демек, булардын негизги көздөгөн максаты башка экен деп шектендирип атат. Анткени мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоого эч кандай негиз жок, аны булар өздөрү деле терең ойлоп, талдаса туура түшүнөт.

-Ушул күндөрдө ар кандай кооптонуулар болуп жатат: түндүк-түштүк болуп бөлүнүү болот, кылмыш дүйнөсү аралаштырылат деген..?

-Жалпы карапайым эл түндүк-түштүк маселесине караманча каршы, андай бөлүнүүгө жол бербейт. Карапайым элдин бири-бирине болгон мамилеси бүгүнкү күндө абдан жакшы. Тилекке каршы муну биздин айрым саясатчылар көтөрүп чыгып, ушул маселе аркылуу кандайдыр бир максаттарына жетүүнү көздөп атышат. Бирок бүгүнкү бийлик элдин түндүк-түштүккө бөлүнүүсүнө жол бербейт. Элди ушундай сөздөр менен козутуп аткандарга дайым эскертип келе жатабыз, элдин үстүнөн жасалма бөлүнүүнү уюштурууга жол жок деп.

-Антимитингдер дагы уюштурулабы же жокпу? Анткени антимитингдер тескерисинче кырдаалды курчутат деген ойлор бар?

-Өкмөт башчы Алмаз Атамбаев антимитингдерге жол берилбей турганын бир нече жолу кайталап айтты. Президенттин да негизги позициясы ушундай. Себеби эч кандай антимитингге бүгүнкү күндө муктаждык жок. Балким, кээ бир сырткы күчтөр пайдаланып, чагым кылып жибербесин деп, антимитингдерге жол берилбейт деп атабыз. Ошого карабай, бүгүнкү күндө бардык эле региондордо азыркы бийликти колдойбуз деп, оппозицияга өздөрүнүн тер пикирлерин айткандар да жок эмес.

-Сиз айтып кетпедиңизби сырткы күчтөр деп. Ушундай эле кооптонуулар болуп атат: кылмыш дүйнөсү, экстремисттик кыймылдар ушундай баш-аламандыктан пайдаланып, өлкөнү оор акыбалга салып коюусу мүмкүн деген чочулоолор да чыгып атат. Улуттук копсуздук боюнча мамлекеттик комитети бул жагдайлар тууралуу кандай иш алып барып жаткандыгынан кабарыңыз барбы?

-Жеке эле митингдердин алдында эмес, ар дайым мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылууда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети өздөрүнүн түздөн-түз милдети катары иш алып барып келет. Бирок ушундай митинг-пикет учурунда ошондой сырткы күчтөр балким, митингдерден пайдаланууга, аны менен өлкөдө баш-аламандыктарды түзүүгө аракет кылышы мүмкүн. Ошондуктан, бийлик, бардык укук коргоо органдары ага жол бербөө үчүн мурдагыдан да күчөтүлгөн деңгээлде иш алып барышат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG