Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:43

10 – АПРЕЛЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Таанымал окумуштуу Тазабек Саманчинге каршы каралоо иши 1949-жылдын 10-апрелинде башталып, “Советская Киргизия” гезитинде жарык көргөн макалада маначыларды изилдеген эмгеги кескин сынга алынган. Кыргызстан сүрөтчүлөрүнүн биринчи чыгармачыл курултайы 1958-жылдын 10-апрелинде өткөрүлдү.

Пишпек уездинде жашаган бардык санитардык кызматкерлер 1919-жылдын 10-апрелинде милдеттүү түрдө медициналык кызматка чакырыла тургандыгы белгиленди.

Кыргызстандын борборунда орун алган №2 – тери заводу 1929-жылдын 10-апрелинде ишке киришип, биринчи продукция бере баштады.

Кыргызстан сүрөтчүлөрүнүн биринчи чыгармачыл курултайы 1958-жылдын 10-апрелинде өткөрүлдү.

Г.Нуров, П.Балтин, Ж.Самагановдордун “Космополитизм и рецидивы буржуазного национализма в работе Т.Саманчина” деген макаласы “Советская Киргизия” гезитинин 1949-жылдын 10-апрель күнкү санына жарык көрдү. Макалада Тазабек Саманчиндин “Манас” дастанын даңазалаган, манасчыларды изилдеген эмгектери кескин сынга алынган. Партиялык сын жаргылчагынан кийин буга чейин үзүрлүү эмгектенип, мазмундуу чыгармаларды жараткан Т.Саманчиндин ишине бөгөт коюлган жана андан кийин ал изилдөөчүлүк шугулдануусун дээрлик токтоткон.

Кыргызстандык зоологдор 1954-жылдын 10-апрелинде казакстандык М.Зверевдин “Про зверей и птиц Киргизии” аттуу китебин кескин сынга алышты. Алардын айтымында казакстандык окумуштуу кыргызстандык фаунаны казакстандык фауна менен алмаштырып илимий ката кетирген.

Кыргыз ССР коммунисттик партия Борбордук комитетинин кезектеги чакырылган Пленуму 1990-жылдын бу күнү ишин улантып, партиянын 1-секретары А.Масалиев коммунисттердин башын бириктирүү жана Конституция, партия Уставына өзгөртүү киргизүү туурасында доклад жасады.

Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин 1-сессиясы 1990-жылдын 10-апрелинде ишин баштады. Сессияда кыргыз калкынын мамлекет куруу салтына чиркөө болуп келген жаңылыштыктарды түздөө аракети жасалып, Таштанбек Акматов парламент спикердик кызматынан алынды. Депутаттардын чечимине ылайык, Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин төрагалыгына Апсамат Масалиев, ал эми Министрлер советинин төрагалыгына Апас Жумагулов шайланды.

Кыргызстан борбору Бишкек шаарынын Алатоо аянтында 2003-жылдын бү күнү Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына башталган туу көтөрүү салтанаты өткөрүлдү.
XS
SM
MD
LG