Анын мындай кадамга баруусуна аталган партиянын лидери Алмаз Атамбаев менен кийинки кездердеги саясий көз караштарындагы пикир келишпестиктер себеп болгон. Атамбаевдин өкмөткө баруу боюнча саясий чечимине Сариев макул эместигин билдирген. Ал ошондой эле айрым депутаттардын Жогорку Кеңештин базасында Демократиялык күчтөр биримдиги саясий партиясын түзүү сунушун колдой тургандыгын, ал партия конструтивдүү күчтөрдү бириктирген нукура элдик партия болорун белгилеген. (AJ)