Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:00

КУРМАНБЕК БАКИЕВ: РАДИКАЛ ОППОЗИЦИЯНЫН МАКСАТЫ - РЕФОРМА ЭМЕС, БИЙЛИКТИ АЛУУ


Президент Курманбек Бакиев 11-апрелде боло турган мөөнөтсүз митингдердин алдында Кыргызстандын элине кайрылуу менен чыгып сүйлөдү. Мамлекет башчы оппозициянын бардык талаптарына көнүп колдон келгенинин баарын аткарып жатса дагы радикал оппозиция ультиматумдун тилинен чыкпай көгөрүп, конституцияны өзгөртүү жана өкмөт түзүү боюнча бирге иштешүүгө ык салбай турганын билдирген. «Эгер радикал оппозиционерлер реформаларды каалабаса, өкмөттүн ишине катышууну каалашпаса, анда аларга эмне керек? Алардын максаты жашыруун эмес. Алар өздөрүнүн бийлигин орноткусу келет, мыйзамдуу шайлаган президенттин отставкасын каалашат. Бул үчүн алар ар кандай аракеттерге даяр»,- деп баса белгиледи Курманбек Бакиев. Президенттин айтымында, бийлик реформаларды жүргүзүү жана демократияны бекемдөө үчүн бир катар орчундуу кадамдарды жасады. Кыргыз телевидениеси коомдук башкарууга берилди, курамына көпчүлүгү оппозициячыл саясатчылар кирген жумушчу топ түзүлүп, конституциялык реформа боюнча иш аягына чыкты, башында оппозициянын лидери турган коалициялык өкмөт түзүлдү. Мамлекет башчы ошондой эле 11-апрелде оппозиция уюштура турган митингиде Кыргызстандын калкынын коопсуздугуна кымындай эле коркунуч туулса, аларга каршы абдан катаал чаралар көрүлөт деп белгилеген.

XS
SM
MD
LG