Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:46

ПРЕЗИДЕНТ КОНСТИТУЦИЯНЫН ЖАҢЫ РЕДАКЦИЯСЫН ПАРЛАМЕНТКЕ СУНУШТАДЫ


Президент Курманбек Бакиев Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча мыйзамдолбооруна кол коюп, Жогорку Кеңештин кароосуна сунуштады. Бул мыйзамдолбоору бийлик менен оппозиция биргелешип түзгөн жумушчу тобу тарабынан иштелип чыккан. Бул жөнүндө бүгүн жумушчу топтун жетекчиси, премьер-министр Алмазбек Атамбаев билдирүү жасады. Анын айтымында, жумушчу топ иштеп чыккан мыйзамдолбоорунун негизинде ноябрда кабыл алынган Конституциянын жоболору жатат. Сунушталган жаңы толуктоолорго ылайык, Конституциянын жаңы редакциясы кабыл алынар замат Өкмөт кызматынан чегинет, Жогорку Кеңештеги фракциялар беш күндүн ичинде жаңы өкмөт башчысынын талапкерлигин президентке сунуш кылууга тийиш. Өкмөт мүчөлөрүн жана жергиликтүү бийлик башчыларын премьер-министрдин сунушу боюнча президент дайындайт. Президент К. Бакиев бүгүн Кыргызстандын калкына кайрылуу менен чыгып сүйлөп, радикал оппозиция кеп-сөзгө келбей ультиматумдун тилинен чыкпастан, реформаны каалабай эле бийликти алуу үчүн бардык аракеттерди көрүп жатат деп билдирүү жасады. Ошол эле учурда Бириккен фронт Президент кол коюп сунуш кылган Конституция долбоорун баары бир кабыл албай турганын белгилеп жооп кайтарууда. Фронтчулардын штабынын маалымат катчысы Азамат Калман президент сунуш кылган Баш мыйзам долбоору Бириккен Фронттун талабына жооп бербейт деп билдирди. «Фронттун» лидери Ф. Кулов бүгүн Россиядан келген журналисттерге чыгып сүйлөп, эртең боло турган митингде көпчүлүк калың элдин ишенимин актабаган президент катары К. Бакиевдин токтоосуз кызматтан кетишин талап кылганы жатышканын айтып өттү. (KCh)

XS
SM
MD
LG