Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:44

БИЙЛИК-ОППОЗИЦИЯ : ЭРЕГИШТЕН ЭЛДЕШҮҮГӨ ЖОЛ БАРБЫ?


Кыргызстандын түндүгүндөгү айрым аймактарда президент Курманбек Бакиевдин отставкасын талап кылган нааразылык митингдери уланууда. Бишкек шаардык кеңеши бийлик менен оппозицияны сүйлөшүүгө чакырган билдирүү кабыл алды. Президент Курманбек Бакиев жалпы элге кайрылуу жасап, баш-аламандыктар болуп кетсе, митингди уюштурган тарап жоопкер болорун билдирди. Оппозиция бул кайрылуусу менен жоопкерчиликтен качып жатат деп президентти сынга алды.

10-апрелде Ысыккөл, Нарын, Талас жана Чүйдүн кээ бир жерлеринде бийликтин отставкасын талап кылган митингдер уланды. Айрым маалыматтарга таянсак, митингге алыскы аймактардан келип кошулгандар да бар. Мындан тышкары Каракол, Талас, Атбашыдагы Бириккен фронттун жактоочулары Бишкекке карай жол тартканы айтылып жатат. Баткен, Жалалабат жана Ош шаарларында митингдер болгон жок.

“Ата Мекен” партиясынын Жалалабаттагы координаторунун “Азаттыкка” билдиргени боюнча 11-апрелде Бишкекте өтүүчү митингге катышуу үчүн делегация жөнөп кеткен. Ал эми Бириккен фронттун демилгесине каршы түзүлгөн Жалалабаттагы элдик кыймылдын жетекчиси Мойдунжан Мамажанов бийликти колдоо митингин уюштурууну көздөп кайрылгандардын саны көп болуп жаткандыгын, бирок чагымга жол бербөө максатында аларга уруксат берилбе-гендигин “Азаттыкка” билдирди.

Ушул эле күнү бир нече саясий партиялардын, коомдук уюмдардын жана жеке инсандардын демилгеси менен “Эки тарапты бир пикирге келтирүү” коалициясы түзүлдү. Аталган коалиция өлкөнүн бүтүндүгү, элдин ынтымагы үчүн оппозиция менен бийликти бир столго отуруп, сүйлөштүрүүгө аракет кылууда. Коалициянын өкүлү, медицина илимдеринин доктору, профессор Сабырбек Жумабеков каршылашуу жакшы натыйжаларга алып келбесин айтып, саясий тараптарды сүйлөшүүгө чакырды:

-Ушул тирешип турган эки жакка кыргыз эли, Кыргызстандын келечеги үчүн деп ойлосоңор, ортого келип, сүйлөшүп, бүгүнкү акыбалдан тынчтык жолу менен алып чыккыла деп айтар элем. Тирешүүнүн арты эч жерде жакшы натыйжа берген эмес. Ортодо карапайым эл гана жабыр тарткан, майып болгон.

Сабырбек Жумабековдун сөзүн улаган “Замандаш” биримдигинин жетекчиси Жума Абдуллаев коалиция бийликтин өтүнүчү менен эмес, өлкөнүн бүтүндүгүнө, элдин ынтымагына кайдыгер карабаган инсандардын демилгеси менен түзүлгөнүн жарыя кылды:

-Бизге чейин дагы ушинтип эки тарапты элдештирүүгө, сүйлөшүүгө чакырган аракеттер болуп атат. Бирок бирине барсаң “силерди бийлик уюштуруп атабы” деп, экинчиси болсо “оппозицияны колдоп атасыңарбы” деген сөздөрдү айтып, кабыл алуудан, сүйлөшүүдөн качып атышат. Биз эч кимдин өтүнүчү, суранычы жок эле, өзүбүз элдин келечеги, экономиканын өнүгүүсү үчүн кабатырланып, эки жаатка бөлүнгөндөрдү тынчтык жол менен маселени чечкиле деп талап кылып жатабыз, -деди Жума Абдуллаев.

Түштөн кийин президент Курманбек Бакиев маалымат каражаттары аркылуу жалпы элге кайрылуу жасады. Ал өз кайрылуусунда оппозициянын дээрлик бардык талаптарын ишке ашырганын, бирок оппозициядан жалаң гана ультиматум болуп жаткандыгын билдирди:

-Оппозиция кепке-сөзгө келбей, Конституцияны реформалоого, жаңы өкмөттүн курамына катышпай жатат. Биз канчалык утурлап кадам таштасак, канчалык өзгөртүүлөрдү киргизсек, ошончолук аларга жакпай жатат. Алар кескин түрдө бардыгынан баш тарткандай таасир калтырып жатат. Өлкөнүн стабилдүүлүгү жана жарандардын тынчтыгы үчүн бардык сүйлөшүүлөргө жана макулдашууларга барууга даярбыз.

Курманбек Бакиев 11-апрелде башталуучу мөөнөтсүз митингде баш-аламандыктар болсо, аларды уюштурган адамдар жоопкер болот, ал эми шаардыктардын, ишкерлердин коопсуздугун сактоо үчүн болгон аракетин жумшарын да айтты:

-Бүгүн элди көчөгө алып чыгууга эч кандай негиз жок. Андыктан мен мыйзамга каршы келген аракеттер, баш-аламандыктар үчүн жоопкерчиликти аны уюштурган кишилер тартат деп билдирем. Мыйзам бузууну болтурбоо жана аны уюштургандарды жазалоо боюнча эң катаал чара көрөм деп эскертем.

Курманбек Бакиевдин билдирүүсүн Бириккен фронттун мүчөлөрү президент жоопкерчиликтен качуу максатында жасады деген пикир менен кабыл алышты. Бириккен фронттун мүчөсү Мелис Эшимканов президент коркоктугун көрсөттү деген оюн билдирди:

-Мамлекеттик төңкөрүш жасаган атат деп коркуп жатканын көрсөттү президент. Көлөкөсүнөн чочуган, коркок адам гана ушундай акылсыз ойлорду айтат. Ар ким өзүнүн алына жараша сүйлөйт, анткени ал 2005-жылы 24-мартта төңкөрүш кылып, бийликти басып алган.

Мелис Эшимканов 11-апрелде эч кандай төңкөрүш болбойт деп кошумчалады. “Реформа үчүн” кыймылынын мүчөсү Асия Сасыкбаева болсо өлкөнү ушул абалга Курманбек Бакиев өзү апкелди деп эсептейт:

-Башынан эле биз жакшы айтып келгенбиз. Конституциялык реформаны жакшылап кабыл алса, бизге Курманбек Бакиевден башка эч кимдин кереги жок эле. Ноябрь айында канча миңдеген кишилердин талабы менен кабыл алынган Башмыйзамды кайра жаңы жылдын алдында өзүм билемдик менен өзгөртүп алды. Өзү будуң-чаң кылып жатат. Конституция деген элдин Конституциясы болуш керек.

Башмыйзам боюнча президент Конституциянын кепили болуп эсептелет. Ал өлкөнүн тынчтыгы үчүн ал жоопкер, ант берген. Ошондуктан, президенттин мындай кайрылуусу өз убагында болду деген пикирлер да бар. Мындай оюн саясат таануучу Карыбек Байбосунов билдирди:

-Президенттин ордунда ким гана болбосун, ушундай билдирүү менен чыкмак. Анткени президент Конституциянын кепили. Өлкөнүн мамлекеттүүлүгү, элдин тынчтыгы үчүн азыр президенттен башка эч ким жооп бере албайт. Эгер баары жаман жагына ооп кетсе, радикал оппозиционерлер “президент мамлекет башында турган, ошол жоопкер” деп, четке чыга берет. Ошондуктан, президенттин кайрылуусун туура деп колдош керек, -дейт Карыбек Байбосунов.

Президент Курманбек Бакиевдин отставкасын жана мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоону талап кылган митинг 11-апрелде саат 14дө башталат. Бириккен фронттун штабы маалымдагандай, ага жер-жерлерден келген делегаттар, жергиликтүү тургундар жана студенттер катышары күтүлүүдө. Митингдин катышуучулары Бишкектин батыш, түштүк жана чыгыш тарабынан колонна менен борбордук аянтка карай басып келишмекчи.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG