Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:31

ИРАН ӨЗӨКТҮК ИШИНДЕ ӨНДҮРҮШ БАСКЫЧЫНА ЧЫККАНЫН ЖАРЫЯЛАДЫ


Төрөкул Дооров, Москва Ирандын президенти Махмуд Ахмединежад 9-апрелде анын өлкөсү өзөктүк отунду өндүрө ала турган баскычка көтөрүлгөнүн жарыялады. Иран жетекчилигинин билдирүүсү бул өлкөнү уран байытуу иштерин токтотууга чакырган АКШ жана Евробиримдик тарабынан кескин сынга алынды.

Тегерандын билдирүүсү уранды байытуу аракеттерин токтотууну талап кылган эларалык коомчулуктун чакырыктарына баш ийбестик катары таанылып, сынга алынды.

Марттын этегинде Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши уранды байытууну токтотуудан баш тарткан Иранга каршы санкцияларын дагы күчөткөн. Байытылган уранды жайчылык максатта отун катары колдонсо болот, бирок ал курал жасоодо да колдоно турганы белгилүү.

Анткен менен өзөктүк программасы боюнча ишти токтотуунун оордуна Ахмединежад дүйшөмбү күнү Тегерандын өзөктүк аракеттерин улантуу тууралуу чечимин кайра тастыктады.

- Бүгүндөн тарта биздин эл да өндүрүш максатында өзөктүк отун өндүргөн элдердин катарына кошулганын сыймыктануу менен жарыялагым келет, - деди ирандык президент Махмуд Ахмединежад.

Президент бул тууралуу Ирандын Натанц шаарында, өзөктүк отун чыгырачу ишкана жайгашкан жерде, билдирди. Ал, ошондой эле, башка мамлекеттерди Ирандын укуктарын урматтап, аны коркута бергенди токтотууга чакырды.

Кошмо Штаттардын Улуттук коопсуздук кеңешинин расмий өкүлүнүн айтымында, Ак үй Ирандын билдирүүсүнө «өтө тынчсызданып» жатат.

Ал эми АКШнын Мамдепартаментинин өкүлү Шон Маккормак Ирандын уранды байыта берүү тууралуу чечими ирандыктарга «кымбатка тураарын» божомолдогондой болду.

- Иран уран байытууга байланышкан аракеттерден баш тартпоо чечимин кабыл алды жана бул эми ирандыктарга эч кандай пайда алып келбейт. Жетекчилер туура эмес багытта баратышат. Ирандын ишкердик макулдашуулары ишке ашпай турат, соода алакалары да токтоп калды, инвестиция да болбойт – мунун баары чыгаша, - деди Шон Маккормак.

Евробиримдик Иранды уран байытуу ишин токтотууга үндөгөн. Улуттар уюмунун баш-катчысы Бан Кимун да Тегеранды Улуттар уюму койгон талаптарды аткарууга чакырганы белгилүү.

Эгер Ахмединежад жасаган билдирүү чын болсо, бул өлкөнүн өзөктүк программасында маанилүү өсүш болгонун аныктамак. Иран өзөктүк отунду жалаң гана жайчылык максатта иштете турганын кайталап келатат, бирок Батышта көпчүлүк буга ишенбейт. Алардын айтымында, Иран өзөктүк курал жасоо аракетин көрүүдө.

Айрым байкоочулар Иран президентинин соңку билдирүүсүн «өзөктүк кубатуулук тууралуу ашкере көбүртүлгөн маалымат» катары баалашууда.

XS
SM
MD
LG