10.00 Алатоо аянтында жыйырма чакты боз үй, 52 палатка тигилип, радиоаппаратуралар орнотулууда. Эртең менентен тарта борбордук аянтка эл келе баштады. Биринчилерден болуп митингди уюштуруучулар, тартипке жооп берген чакан топтор келди.
10:30 Назаралиевдин медициналык борборунун жанына Жайыл районунан 300 чукул адам чогулду. Ал эми Борбордук Алатоо аянтында эки миңге чукул адам бар. Ал жерде 25 боз үй, 60 ашуун чатырчалар тигилген. Ал эми ачкачылык жарыялаган 71 адам ачкачылык акциясын улантышууда.
12:00 Жеңиш аянтында эки миңден ашуун адам чогулду. Ысыккөл, Нарын облустарынан, Чүй облусунун Аламүдүн, Ысыката, Кемин райондорунан, Токмок, Кант шаарларынын тургундары Жеңиш аянтында чогулууда. Алар “Бириккен фронт-кландык башкарууга каршы”, “Эл бөлүнбөйт” жана башка плакаттарды көтөрүп алышкан. Бул жерге Бишкектин айлансындагы айылдардын жашоочулары да келүүдө. Учурда ал жерде чогулгандардын саны эки миңден, беш миңге чейин деген маалымат келип түштү.
12:20 Жеңиш аянтында чогулгандар Борбордук аянтка жөнөштү. Чакырык-ураандарды көтөрүп алышып Бириккен фронтту колдогон беш миңге чукул адам Борбордук аянтка жөнөштү. Аларды саясатчылар Бегиш Ааматов, Мукар Чолпонбаев, Накен Касиев баштап баратат. Митингичилердин алдында “Кыргызстанды сактоо патриоттук кыймылы” бар. Ал эми аянттагы адамдардын саны он миңге чукул деп билдирди Бириккен фронттун штабынан. Ачкачылык жарыялап отургандар алгачкылардан болуп аянтка келишти.
12:27 Митингдегилер "Бакиев кетсин!" деп кыйкыра башташты. Жеңиш аянтына чогулган "Канжар" жаштар уюму жана Чүй облусунун тургундары ЦУМдун жанынан өтүп, борбордук аянтка жакындап калышты. Алар "Бакие кетсин!" деп кыйкырышууда.
12:30 Назаралиевдин медициналык борборунун жанында чогулушкандар аянтка багыт алышты. Жайыл, Сокулук, Панфилов райондорунан келишкен бир жарым миңден, эки миңге чукул адам Борбордук аянтка Чүй проспектиси менен багыт алышты. Колоннанын алдында саясатчы Анвар Артыков жана бириккен фронттун мүчөлөрү бар. Митингчилер “К. Бакиев кетсин!”, “Бириккен фронтту колдойбуз”, “Реформа үчүн” жана башка ураандар жазылган плакаттарды көтөрүп алышкан. Президенттин алдындагы адам укуктары боюнча комиссиянын төрагасы Турсунбек Акун иш-чарага байкоо жүргүзүп, митингчилердин арасында келатат.
12:45 Жеңиш аянтындагылар Борбордук аянтка келишти. Cаны эки миңден беш миңге чейин адам Борбордук аянтка келип кошулушту. Ал эми Назаралиевдин медициналык борборунан чыккан эки миңге чукул адам Октябрь кино театрына жетишти. Ал жерден 400 чукул адам кошулду.
14:00 Бириккен фронттун мөөнөтсүз митинги Алатоо аянтында туура саат 14.00дө башталды. Аянтка жыйналган элдин саны байкоочулардын баамында он миңден ашат. Митингге Бириккен фронттун лидери Ф. Кулов, штаб жетекчиси Ө. Субаналиев, калган мүчөлөрү Ө. Текебаев, К.Байболов, Ө. Абдракманов, М. Чолпонбаев жана тилектештик билдирип чыккан саясатчылар Бегиш Ааматов, Накен Касиев жана башкалар трибунага көтөрүлдү. Митингди депутат Мелис Эшимканов ачып алып барууда.
14:12 Митингди Эң алды “Келечеги кең Кыргызстан үчүн” Бириккен фронттун лидери Феликс Кулов сөз сүйлөп ачты. Ал алдыда Конституциялык реформа жасап, системаны өзгөртүү максаты турганын белгилеп, президент Бакиевди берген убадаларын аткарбады деп сынга алды. Түндүк-түштүккө, улутка бөлүнбөй, мамлекеттин бүтүмдүгүн сактап, чагымга алдырбоого чакырды.
14:25 Темир Сариев: Бүгүнкү бийликте ыйман жок.
"Бийлик элге иштеши керек. Биз бийликтин адилет, калыс болушу үчүн жаңы президентти шайлашыбыз керек,"- деди Сариев митингде сүйлөгөн сөзүндө.
14:32 Өмүрбек Текебаев: Бүгүнкү бийликти кетсин деп айтабыз. "Биз тынчтык жол менен бийлик алмаштырабыз. Биз көптүк менен өжөрлүк менен максатыбызга жетебиз. Бизге алдым жуттумдар, алдамчылар, кылмышкерлер бийлик жүргүзө албайт,"- деди "Атамекен" партиясынын лидери Текебаев.
14:37 К.Байболов мамлекетти алып сатарлык, кошоматчылык чырмап алды деп билдирди. Ал президент Бакиевге Бириккен фронт менен “Реформа үчүн” кыймылы биригип жазган бийликтин табиятын өзгөртүп, коомду оңдоого ылайыктуу жаңы Конституциянын долбоорун жолдошконун айтты. Анын айтымында, эгерде президент радикалдуу кадам жасап ал долбоорго кол койбосо, президенттин кызматтан кетишин талап кылышат.
14:58 Митингдин алып баруучусу Мелис Эшимканов Алатоо аянтына 50 миң адам чогулганын, алардын саны дагы 100 миңге жетерин айтты. Эгерде президент өз каалоосу менен кызматтан кетпесе адамдардын санын 500 миңге чыгарышарын билдирди.
16:45 Премьер-министр А.Атамбаев Алатоо аянтына барды. Ал митингдегилерге бийлик менен элдин ортосундагы, түндүк менен түштүктүн ортосундагы жараканы бүтөө аракетин көрүп жатканын, Конституциянын жаңы долбоорун парламентке жөнөтүшкөнүн, ага ылайык каалаган адам өкмөт башчылыгына талапкерлигин кое турганын билдирди. Митингде тургандар “Бакиев кетсин!”- деп кыйкырып-ышкырышып Атамбаевди сүйлөтпөөгө аракет кылышты. Эшимканов элдин чуусун токтотуп, Атамбаевдин сөзүн аягына чейин угууга үндөдү. Атамбаев “Бакиев кетсин!” деген жаштардын талабын президентке жеткирерин айтып, тынччылык каалады.