Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:29

БИРИККЕН ФРОНТТУН МӨӨНӨТСҮЗ МИТИНГИ БАШТАЛДЫ


Бириккен фронттун мөөнөтсүз митинги Алатоо аянтында туура саат 14.00дө башталды. Аянтка жыйналган элдин саны байкоочулардын баамында он миңден ашат. Бириккен фронттун лидери Ф. Кулов, штаб жетекчиси Ө. Субаналиев, калган мүчөлөрү Ө. Текебаев, К.Байболов, Ө. Абдракманов, М. Чолпонбаев жана тилектештик билдирип чыккан саясатчылар Бегиш Ааматов, Накен Касиев жана башкалар трибунага көтөрүлдү. Митингди депутат Мелис Эшимканов ачып алып барууда.

Митингди Бириккен фронттун лидери Феликс Кулов сөз сүйлөп ачты. Ал алдыда Конституциялык реформа жасап, системаны өзгөртүү максаты турганын белгилеп, Президент Бакиевди берген убадаларын аткарбады деп сынга алды. Түндүк-түштүккө, улутка бөлүнбөй, мамлекеттин бүтүмдүгүн сактап, чагымга алдырбоого чакырды.

“Биздин максатыбыз жалпы. Ал кандай максат? Конституциялык реформа жана президенттик кезексиз шайлоо. Биздин мындан башка максатыбыз жок. Бирок Бакиевдин куйруктарына бул жакпайт. Бийликти кандай болсо да сактап калуу алар үчүн өтө маанилүү”,-деп баса белгиледи Ф. Кулов.

"Бийлик элге иштеши керек. Биз бийликтин адилет, калыс болушу үчүн жаңы президентти шайлашыбыз керек,"- деди ЖК депутаты Сариев митингде сүйлөгөн сөзүндө.

"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев : "Бүгүнкү бийликти кетсин деп айтабыз. Биз тынчтык жол менен бийлик алмаштырабыз. Биз көптүк менен өжөрлүк менен максатыбызга жетебиз. Бизге алдым жуттумдар, алдамчылар, кылмышкерлер бийлик жүргүзө албайт,"- деди.

Мелис Эшимканов Алатоо аянтына 50 миң адам чогулганын, алардын саны дагы 100 миңге жетерин айтты. Эгерде президент өз каалоосу менен кызматтан кетпесе адамдардын санын 500 миңге чыгарышарын билдирди.

Кубат Байболов мамлекетти алып сатарлык, кошоматчылык чырмап алды деп билдирди. Ал президент Бакиевге Бириккен фронт менен “Реформа үчүн” кыймылы биригип жазган бийликтин табиятын өзгөртүп, коомду оңдоого ылайыктуу жаңы Конституциянын долбоорун жолдошконун айтты. Анын айтымында, эгерде президент радикалдуу кадам жасап ал долбоорго кол койбосо, президенттин кызматтан кетишин талап кылышат.

XS
SM
MD
LG