Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:06

АЛМАЗ АТАМБАЕВ: БИЙЛИК РЕФОРМАГА БАРЫП ЖАТАТ


Премьер-министр Алмаз Атамбаев 11-апрелде Алатоо аянтында Бириккен фронт өткөргөн митингде чыгып сүйлөп, бийликтин саясатын түшүндүрүп, митингичилерди сабырдуу болууга чакырды.

-Урматтуу агайын -туугандар! Чыдап койгула менин деле чындыгым бар. Мен бул жерге келип атканымдын себеби, мен дайыма эл мененмин. Бирок Кыргызстанда чоң жарака кетип атат. Мен бул жака чыгаарда мындай кабар келди, Сүлүктүдө шахта урап, алты киши жердин алдында калыптыр. Бул жерде чуйлүк болобу, таластык болобу, ушундай нерсени укканда жүрөгүңөр зырп этти да. Бир элбиз. Бийлик менен элдин ортосундагы жараканы, түндүк менен түштүктүн ортосундагы жараканы эптеп токтотуш керек болуп турат. Менин иштегениме 12 күн болду. Мен кызмат үчүн келген эмесмин.

Мына кечээ жаңы закондун проектисине президент кол коюп парламентке жөнөттү. Эгерде парламент кабыл алса, ошол күнү Атамбаев отставкага кетет. Ошол күнү кыйкырган балдар, Кулов барып өзү отурсун, Сариев барып шайласын. Мага кызматтын кереги жок, мага элим керек. Бирок 12 күндүн ичинде эки жылдан бери жасалган иштин баарын колдон келишинче оңдоп койдум. “Кристтал” заводу кайрадан элдики болду, Талдыбулак алтын кенин бекер берген Кулов деп отурат, кайрадан элдики болду. Мына чоңдон көп нерсе бизде жок бекен, 6 миң персональный автомашина бар, 500 машинасын кыскарттым, балдар үйүнө, интернаттарга, айыл өкмөттөргө берилет.

Ачык айтайын, суббота күнү Таласка барам, Талас күтүп атат. “Андаш” боюнча, “Жерүй” боюнча ал жака да барып келем. Бирок бул жерден айтып атыптыр, биздин Конституция жакшы, Атамбаевдин тобу даярдаган Конституция жаман деп. Мунун баары калп. Мына чөнтөгүмдө Темир Сариев менен Кулов даярдаган варианты бар. Бул жерде премьер министрди президент дайындайт дептир. Мен кечээ президентке кол койдурдум, сенин тиешең болбойт премьерге, эмикиден кийин парламент шайлайт деп. Мына биз даярдаган проект боюнча министрлерди, премьер министрди эми парламент шайлайт, президенттин эч кандай тиешеси болбойт. Улуттук коопсуздук комитетин да президент шайлабайт, премьер министр шайлайт, парламентке баш ийет. Ошондуктан, мындай оюндарга, сөздөргө ишенбегиле.

Мен айтар сөзүм мындай, бул закон кабыл алынгандан кийин Атамбаев отставкага кетет. “Ата Мекен” фракциясы Куловду көрсөтсүн, Сариевдин фракциясы Сариевди көрсөтсүн, шайлансын, иштесин. Бирок ар биринин закондуу түрү бар. Феликс Шаршенбаевич Кулов 11-апрелде “будет мирная передача власти” деп айтып атат. Мен сиздерге мындай деп айтат элем, элибизге ырахмат. Сиздер ушинтип келип аткан үчүн бийлик реформага барып атат. Бул чындык. Бирок “мирная передача власти” 30-мартта эле башталган, Атамбаев премьер болгондо эле башталган. Бирок кансыз, парламенттик жол менен. Ошондуктан алтындарым, мындай ар кайсы кызуу кандуулук сөздөргө ишенбегиле.

Эгерде Бакиев кетем десе эч качан мен колунан кармабайм. Кечээ кечинде мага Мелис телефон чалып суранды, Алмаз байке, таможняда усилителди өткөрбөй атат деп. Мен көзүнчө телефон чалып айттым, мен жооп берем, эртең элде усиление болуш керек деп. Бүгүн чогулгандарыңарда, туалеттер турганына, дворниктер жүргөнүнө, жок дегенде микрофон турганына, светтин бардыгында менин деле эмгегим бар. Кечээ билесиңер өкмөттө чечим алдым, өз элди ок менен атмай жок деп.

Бирок менден кичүүсүңөр, адамды укканды үйрөнгүлө. Эгерде адамды укканды үйрөнбөсөңөр, бирөөнү сыйлабасаңар сиздерди ким сыйлайт. Мен деле күнүгө бул жака келе бербейм. Менин деле ишим толтура. Анткени бул закон кабыл алынгандан кийин 10 күндөн кийинби, 5 күндөн кийнби ансыз деле отставкага кетем. Силердин кээ бир байкелерге окшоп жанталашып тырмышпайм калам деп. Ошон үчүн айтар сөзүм мындай, барыңарга ырахмат, аман эсен болгула, Кудай колдосун, элибизде тынтчык, ынтымак болсун, реформалар жүрсүн. Элибизге ырахмат. Ура элибизге!

XS
SM
MD
LG