Мындай билдирүүнү Эмил Алиев бүгүн жасап, Мурат Суталиновдун Алатоо аянтындагы митингчилер арасында мастар бар, алар акчага келген деген билдирүүсүн четке какты. Улуттук коопсуздук кызматтын төрагасы чыныгы абалды билбейт, деп белгиледи Эмил Алиев. Анын айтымында, бүгүн кечки митингде элдин көп болушу күтүлбөйт. Бирок жакынкы күндөрдө кырдаал өзгөрмөкчү. (AiT)