Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:07

МӨӨНӨТСҮЗ МИТИНГ: КАТЫШУУЧУЛАРДЫН КАТАРЫ СУЮК


Алатоо аянтында кечки саат төрттөн өткөндө Бириккен фронттун жактоочуларынын митинг акциясы кайрадан жанданды. Митингде айрым маалымат каражаттарынын иши боюнча билдирүү кабыл алынды. Билдирүүдө УТРК өлкөдөгү саясий окуяларды бурмалап көрсөтүп жатат деп айыпталып, анын жетекчисин кызматтан алуу талабы коюлду. Ошондой эле “5 - каналдын” ээси президенттин уулу Максим Бакиев деп аталып, ошондуктан ал маалыматты бир жактуу берип жатат деп белгиленди. «Биз Максим Бакиевдин өз мүлкү боюнча декларация беришин талап кылабыз», - деп айтылат билдирүүдө. Митингчилер алдына Ө.Текебаев, Т.Сариев, М.Эшимканов, Ө.Абдырахманов, З.Эсенаманов, С.Урманаев, Э.Алымбеков, Ч.Жакупова чыгып турушат. Байкоочулар бүгүн митингге келген элдин саны кечээки караганда азайып калгандыгын айтышууда.

Митинг катышуучулары кечээ Жогорку Кеңештин чукул отурумга чогулуусун талап кылышкан болчу. Буга байланыштуу бүгүн спикер Марат Султанов парламенттеги фракциялар менен комитет башчыларын чакырып, жолугушуу өткөрдү. Бирок депутаттардын көпчүлүгү чукул отурумга чогулуунун зарылчылыгы жок деп чечишти. Ал эми Башмыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча маселени парламент дүйшөмбү күнү талкууга алмакчы. Конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитеттин жетекчиси Исхак Масалиев Башмыйзамга өзгөртүү киргизүү үчүн алгач Конституциялык соттун толук курамын шайлаш керек дейт:

-Эң биринчи Конституциялык сотту шайлашыбыз керек. Анан дагы кээ бир депутаттар бул сапар оппозициядан да, бийликтен да кысым көрсөтпөөсүн талап кылып жатышат.

Алатоо аянтында президент Курманбек Бакиевдин отставкасын жана мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү талап кылган митингдин уюштуруучуларынын бири, “Реформа үчүн” кыймылынын мүчөсү Осмонбек Артыкбаев жолугушуу учурунда кээ бир депутаттар митинг тарасын деп талап кылышкандыгын ырастап, бирок аянтка чогулган элди таратып жиберүү оппозициянын колунан келбей тургандыгын билдирди:

-Элди биз чыгарган да жокпуз, эми тарата да албайбыз. Реформаны, президенттин отставкасын талап кылып, эл өзү келди. Айрымдар митингди аймактык маселе менен чогулду, аларды уюштурду деп айтып жатышат, андай эмес. Бүгүн кырдаал татаал,-дейт Осмонбек Артыкбаев.

Бүгүн Алатоо аянтына чогулган элдин саны азайып калганы тууралуу айтылган пикирлер бар. ИИМнин орун басары Темиркан Субанов 2,5 миң, митингдин уюштуруучулары 10 миңден ашуун киши катышып жатат деп айтышса, көз карандысыз байкоочулар үч-үч жарым миңдей киши бар деп айтышууда. Бириккен фронттун мүчөсү, Алатоо аянтындагы жалпы кырдаалга жооп берүүчү комендант Дүйшөн Чотоновдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча бүгүн аянт өз жашоосу менен жашай баштады:

- Албетте биринчи күнү кыйынчылыктар болбой койгон жок. Бүгүн мына көнүп калдык. Боз үйлөргө элдин баары жайланышты. Эл талабынын ишке ашуусун талап кылып, бир жума эмес бир ай турууга даяр.

Дүйшөн Чотоновдун айтуусунда аянттагы кырдаал Бириккен фронттун өзүнөн түзүлгөн тартип сакчылары тарабынан көзөмөлгө алынмакчы. Ал эми ИИМнин орун басары Темиркан Субанов бүгүн милициянын саны азыраак экендигин белгилеп, бирок шаардыктардын коопсуздугу күчөтүлгөн тартипте сакталат деп билдирди.

Түштөн кийин саат төрттө Алатоо аянтындагы митинг кайра уланды. Бириккен фронттун лидерлери митингди чагылдырып жаткан маалымат каражаттарына байланыштуу, анын ичинде 5-канал, Пирамида телеканалдарын бийлик менчиктеп алгандыгы тууралуу айтылып, МТРКнын жетекчиси Кыяс Молдокасымовдун кызматтан кетүүсүн, президенттин уулу Максим Бакиевдин мүлкү тууралуу декларациясын ачыкка чыгарууну талап кылышты. Ошондой эле митингдин катышуучулары мамлекет ушундай кырдаалда турганда парламенттин буга кайдыгерлик менен мамиле жасагандыгына нааразылыктарын билдиришти.

Ушул тапта Бишкектеги Алатоо аянтынан башка аймактарда кырдаал тынч. “Эки тарапты бириктирүү” коалициясынын мүчөсү “Замандаш” ассоциациясынын жетекчиси Жума Абдуллаевдин айтуусунда бийлик менен оппозицияны бир пикирге келтирүү боюнча аракеттер көрүлүп жатат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG