Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:39

ЖАҢЫ КОНСТИТУЦИЯ:ТАЛАШ-ТАРТЫШ КҮЧҮНДӨ


Өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев жетектеген комиссия иштеп чыккан Конституцияга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү мыйзам долбоору бүгүн парламенттин тийиштүү комитетинин кеңейтилген жыйынында каралат. Бирок да жаңыланган Башмыйзамдын долбоору “фронтчулар” менен “реформачылардын” сынына кабылууда. Алардын ырасташынча, оболу коалициялык өкмөт түзүлүп, андан соң конституциялык реформа жүргүзүлүшү абзел.

Ушундай пикирин «Бириккен фронттун» штаб мүчөсү, мурдагы спикер Мукар Чолпонбаев билдирди.

- Кризистен чыгуунун болгон туура жолу – фронттун катышуусу менен коалициялык өкмөт түзүү керек. Түзүп туруп бийликти ага бериш керек. Ал президентке көз каранды болбосун. Аны Жогорку Кеңеш мөөнөтүнөн мурда кызматынан кетирбегендей болушу керек. Анан ошолордун алдында катуу тапшырма коюлушу зарыл. Эки айда болобу, үч айда болобу, конституциялык реформа жүргүзүлүшү керек да, ошондон кийини тезинен шайлоо жүргүзүлүшү абзел.

«Реформалар үчүн» кыймылынын мүчөсү, парламент депутаты Осмонбек Артыкбаев Конституцияга өзгөртүү, толуктоолор киргизүүчү мыйзам долбоорунда олуттуу дегидей өзгөрүү жок деп эсептейт. Ал декабрдагы Башмыйзамдын азыноолок гана өзгөртүүсү.

- Негизинен бул декабрдагы Конституцияны кичине түздөп, косметикалап алып келген Конституция экен да. Бул маселени чечпейт. Биз түздөн-түз, так реформаны талап кылып жатканыбыз жок, аны эл талап кылууда.

«Реформалар үчүн» кыймылы менен «Бириккен фронт» биргелешип парламент депутаты Кубатбек Байболовдун жетекчилиги алдында иштелип чыккан Конституциянын жаңы долбоорун сунуштаган. Президент буйругу менен түзүлгөн Конституцияга өзгөртүү, кошумчаларды иштеп чыгуучу комиссиянын жетекчиси өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев К.Байболовдун долбоору парламентке ык тарткан, бийликтин кыйласын мыйзам чыгаруучуларга ыйгарып койгон Башмыйзам катары мүнөздөгөн. Бирок да, Конституцияга өзгөртүү, кошумчалар киргизүү маалында ал долбоордогу негизги жобо, принциптер пайдаланылганын кошумчалаган. А.Атамбаев бул ирет Конституцияга киргизилчү өзгөртүү, кошумчалардын эң негизгиси катары алдыдагы эки жылда өкмөт башчысын аныктоо милдети парламенттеги фракцияларга жүктөлөрүн белгилейт.

- Өзгөрүүлөр негизинен өткөн жылдын ноябрындагы Конституциядан алынды. Эң башкысы, эми өлкө реформаны үч жылга чейин күтүп олтурбайт. Мен аны чечмелеп кетейин, мыйзам кабыл алынгандан кийин эле өзгөрүүлөр башталат. Анын натыйжасында биздин өлкөдө кубаттуу өкмөт, карылуу парламент, күчтүү сот бийлиги, ошондой эле кабелтең президент бийлиги болот. Биз бийлик бутактарынын ортосундагы тең салмактуулукту болушунча сактоого аракет кылдык.

Парламенттин конституциялык мыйзамдуулук боюнча комитетинин төрагасы Исхак Масалиев жаңы мыйзамда 15 пункттан турган өзгөртүү, толуктоолор киргизилгенин учурда комитет аны кароого киришип жатканын маалымдады.

- Бул мыйзамды Конституцияга ылайык Конституциялык сотко жиберишибиз керек. Алар бизге корутундусун жазып бериши зарыл. Анан ошонун негизинде мыйзам долбоорун биз сессияда карашыбыз мүмкүн.

Парламент жаңы мыйзам долбоорун эмдиги жумадан тарта кароону баштап калышы ыктымал. «Фронтчулар» менен «реформачылардын» сессияны маалынан эрте чакыруу сунушу азырынча көпчүлүк эл өкүлдөрүнүн колдоосуна ээ боло элек.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG