Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:50

МӨӨНӨТСҮЗ МИТИНГ- 13-АПРЕЛЬ: СТЕНОГРАММА


13-апрелде Алатоо аянтында өткөн митингиде чыгып сүйлөгөндөрдүн сөзүнүн кыскача стенограммасы.

Кубат Байболов: Урматтуу калайык кечээ, мурдагы күнү бешинчи каналдан өзүңөр көрдүңөр. Машиненин үстүнөн суу талашып жаткан,боз үйдүн жанында тамак жеп жаткан карапайым келген элди көрсөтүп, шылдың кылганга аракет кылып жатышат. Ошол биздин элди суу талашкан акыбалга жеткирген ким. Уят, уят. Ушул түбөлүктүү түпкүлүктүү, байыркы элди суу талашкан акыбалга жеткирип алып аны көрсөтүп жаткан бул шермендечиликтин чеги болуп жатпайбы.

Кыргызда макал бар «Аягы суюк кайнене келинине ишенбейт» деген. Чү дегенде баскынчылык менен келип алып, эми бизди дагы ошондой деп ойлоп жатат. Жатып алышып, ичине чейин куралданып алышып, качан басып келет ушул жакты сактап калалы деп жатышат. Жок, биз ага эч убакта барбайбыз. Митинг милдетине жетпей калды, мүдөөсүнө жетпей калды, эл аз келип калыптыр дешет. Митингдин максаты ал эмес. Чындыгында маселенин маңызын чечип, өлкө белчесинен кедейчиликке, жакырчылыкка басып жаткан маселени, ууручулук тетиги асмандын башына чыгып жаткан маселени түпкүлүгү менен чечишке аракет кылыш керек эле да. Айтор эмнеси болсо дагы ушул жерде турган эл неченден бери суусу аз болуп, жууна албай же бул жерде шарт жок экен. Ачка-ток турган элге таазим. Түбөлүк бар болгула.

Темир Сариев: Бийлик алсыз дейбиз. Бүгүнкү бийлик куралданды. Ушул Акүйдү басып алат деп элди коргобой Акүйдү коргоп жатат. Мына канчасы күнү-түнү жатып жатат. Ичинин баары толтура милиция, солдат, колдорунда автомат, граната. Акүй кимге керек. Эч кимге кереги жок. Бакиев олтурат жетинчи кабатында. Биз жетинчи кабатты албай бийликтин философиясын, системасын алмаштырабыз деп айтып жатабыз. Эгерде эли ишенбесе, эгерде элине сөзү жетпесе ушул бийлик бийликпи. Кимге кереги бар ушундай бийликтин. Элдин үмүтүн, элдин суранычын уга албаган бийлик бийликпи. Бийлик эмес. Мындай сасыган бийликтин кереги жок. Биз жаңы бийлик кылышыбыз керек. Жаңы адамдарды алып келишибиз керек. Мына ошондо гана Кыргызстан бирдиктүү, бир эл болуп, бир мамлекет болуп, күчтүү болуп, ар бир кыргыз жүрөгүн чаап, мен кыргызмын деп туусун көтөрүп, башын өйдө каратып, кай жерге барбаса дагы мактанган , суктанган эл болушубуз керек. Мына бизге ушул керек.

Бийлик башында эле кыйшык отурган ээрге. Сөздүн баары калп, бүгүн да калп айтты. Мына Конституцияны киргиздик деди. Мынакей бийликтин бүгүнкү өңү, жүзү. Ошон үчүн урматтуу мекендештер мынабул жерде 4-5 күндөн бери жаткандар бар. Биз аларга ыраазычылык билдиребиз. Элдин баары бир максат менен келди. Бийлик өзгөрсүн, алмашсын деп. Мен айтып коёюн мен буга ишенем. Биз бирдиктүү болсок жетебиз көздөгөн максаттарга, жетебиз, алмаштырабыз, түздөйбүз, оңдойбуз, таза жаш чынчыл кыргыздын жигиттерин, кыздарын алып келебиз. Жашасын кыргыз эли! Жашасын кыргыз жери! Биз бирбиз, ура!

Мелис Эшимканов: - Субаналиевди штаб башчысынан алып салыптыр деп 5-каналдан кайра-кайра берип атыптыр. Аны азыр өзү чыгып түшүндүрөт, чабышмак тургай жыты да жок. Булардын эптеп эле аракети Атамбаев менен бизди кандай сүзүштүрсө, азыр Текебаев менен Куловду, Кулов менен Субаналиевди, Субаналиев менен Эшимкановду, ушундай ортобузга от чачып атышат. Булардын акылы, мээси ушуга жетип атат. Ушул жерде тургандар менимче түшүнөт болуш керек.

Биринчи маршрутубуз, бул жерден чогуу өтүп МВДга барабыз, анткени кечээтен бери бул жердеги азаматтар биздин жигиттерди коркутуп, кармаганга аракет жасап атышат. Ошол нерсеге өзүбүздүн позициябызды билдиришибиз керек. МВДга барабыз, андан маршрутту өзгөртүп Улуттук коопсуздук кызматына барабыз. Суталиновго мейманга баралы, ал жигит эки күндөн бери Акүйдө башка киши калбай калгансып, бизди шыбап, калптын барын ышкыртып атат, силердин барыңарды аракеч, жумушсуз көрсөтүп атат, ушуга позициябызды билдиребиз. Андан чыгып КТРге барабыз. КТР 5-апрелден баштап бир акыйкат сөзүн айтканга жарабады. Мыйзамда жазылып турса дагы бизге сөз бербей жатат былтыркыдай эле. Андан Жаш гвардия булвары менен көтөрүлүп, мэрияга барабыз, ал жактан Ногоев боюнча өзүбүздүн позициябызды айтабыз, анан Акүйдүн жанына келебиз. Акүйдүн жанынан өзгөчө сураныч барыңарга, араңарга киргизилген мастар, провокаторлор тескери сүйлөбөсүн, Акүйдү көздөй чуркабасын. Ар бир саясий күрөштө бирөө жарымды угуш керек, колбашчы, жүзбашчы, миңбашчылар болуш керек. Эгерде биз ал нерсени бузсак анда биз түпкү максатыбызга жетпейбиз, анда Курманбек Бакиевди кетире албайбыз.

Накен Касиев: - Урматтуу калайык! Мен силердин алдыңарга бүгүн келгенимдин эң негизги себеби, эки жылдан берки бүгүнкү бийликтин калпы. Улуу сөз бар, калптын казаны кайнабайт дейт. Бирок ошого карабастан 3 күндөн берки силердин кылып аткан ишиңерди билмексен, көрмөксөн болуп, телевизордон жаман нерселерди көргөзүп, ошону чаптап атканы менин жүрөгүмө тийип, атайылап силердин алдыңарга келип сүйлөп атам. Ушул митингге чыккан адамдар жакшы ой менен, чындыкты издейли деп чыркырап, бул жагы Атбашыдан, бул жагы Баткенден келди. Бирок ошонун барын тескерлеп 5-каналы, КТР үч күндөн бери жерди майлап атат. Бул бийликтин эң жаман жагы деп ойлойм. Себеби силердин дагы тилегиңер, силердин дагы келчектеги оюңар, үмүтүңөр бар. Ошондуктан, бул акылга сыйбаган акмактык деп эсептейм, кечирип коюңуздар.

Экинчиден, урматтуу агайым-туугандар алдамчылыктын дагы чеги бар. Бирок Конституция тууралу эки жылдан бери сөз болду. Бүгүн Конституцияны элге-журтка жаккандай кабыл алдыкпы? Жок. Бүгүн коалициялык өкмөт тууралуу сөз болуп атат, 3 адам кирди. Колициялык өкмөт болдубу? Болгон жок. Күйтүк менен тыйтыктын ортосундагы кадрдык саясатты акуулдулук менен бүгүн бийлик башкарып атабы? Жок. Ошондуктан мен ойлом, бул бийликтин келечеги жок. Ошондуктан эси барда этегин жапсын. Фронттун талап кылып аткан суроосун аткарып, элдин мүдөсүн аткарып туруп, бүгүнкү бийлик өз ыктыяры менен кетиши керек. Кетмейинче журтубузда, Кыргызстаныбызда эч убакта тынчтык орнобойт. Мен сиздерге узун өмүр, бекем ден-соолук каалап кетем. Көңүл бурганыңарга ырахмат.

Өмүрбек Текебаев: - Урматтуу жердештер, туугандар! Эки күн мурун 5-канал Текебаев менен Кулов урушуп кетишиптир митингдин алдында, Текебаев нааразы болуп штабдан чыгып кетти, анткени экөө кызмат бөлүшө албай калыптыр деген сөздү айтты. Азыр бүт Кыргызстанда: эмне болду эле, айтып койбойсуңарбы дешүүдө. Биз Феликс Шаршенбаевич менен эч убакта кызмат жөнүндө сүйлөшкөн жокмун десем, жалган айткан болом. Мен сүйлөшкөм. Бул 2000-жылы болгон. Ф.Шаршенбаевич атайын орун алып берип, сени президент кылам деп, тилекке каршы алып бере албай, ошонун кесепетинен түрмөгө кеткен. Ошондуктан ал сөз мындан 5 жыл мурун болгон. Ал сөз менин оюмча ошону менен тарыхта калыш керек. Андан кийин майда-чүйдө жасаганыбыз жок. Биздин негизги максат бүгүнкү заманды, бүгүнкү тартипти өзгөртүш. Эң негизги максатыбыз бүгүн кыргыз патриотторуна дем бериш. Алардын намысын жогору көтөрүш. Биз балким бүгүн бай калк эмеспиз, нефтибиз, газыбыз жок. Бирок биз өзүбүздүн эр жүрөгүбүз менен, жигитчилигибиз менен бай калкпыз. Биздин келечегибиз мына ушунда дейбиз. Эмне деген биздин айланабыздагы калктар өз тагдырына ээ болбостон, авторитаризмдин алдында тизлеп отурушат, үнүн чыгарып өз оюн айта албайт. Биз кыргыз калкы мына ушундай бактылуу калкпыз. Өз оюбузду айтабыз.

Албетте бул кыйынчылык менен болуп атат. Бирок биз ушундай жаңы калкты, жаңы адамды даярдашыбыз керек. Бүткүл Орто Азия, бүткүл дүйнө алдында намыскөй, өжөр адамды тарбиялашыбыз керек. Биз мына үчүнчү жолу ушул жерге келип отурабыз. Бирок биз эч нерсеге жетишпедик деп айтпайбыз. Биз чоң нерсеге жетиштик. Биз ар бир жолу ушул жерге келип, бир жума, 10 күн, 20 күн туруу менен өзүбүздү өзгөртөбүз. Мына ушундай баатыр калкты баатыр калктын өкүлдөрү 5 канал шылдыңдап алкашка, намысын саткан адамга теңеп атат, акча берип келген деп. Акча берип жумушуңдан айдайм деп коркутуп Бакиев акча алган жокпу? Акча берсе жумуштан айдалам деп, же камалам деп корксо, мына ушул жерге антимитингге алып чыгат эле го. Алар чыккан митингдери бир-эки саат туруп тарап кетип атат. Жамгыр жааса дагы, ачка болсо дагы айлап-күндөп мындай жерге алар турат эле го. Жок. Анткени мойнунан байлаган митинг кылууга жарабайт. Биз эркин калкпыз. Ал эми президентибиз мойнунан байлаган итти элестетет. Анткени биз уруп-согуп, түртүп жүрүп реформага түртөбүз. Эл келгенде жасайт, эртеси айнып кетет. Бул кыргызча айтканда, мойнунан байлаган ит буга жарабайт.

Жоопкерчиликти өзүнө ала билген, элдин айдамында эмес, тескерисинче элди өзү артынан ээрчиткен бийлик керек деп бүгүн ушул жерге келип отурабыз. Биз ушундай лидерди өзүбүз тарбиялап, өзүбүз чыгарышыбыз керек. Акаевдин дагы, Бакиевдин дагы тагдыры мындан кийин кыргыз элине кийинки келе турган лидерлерге сабак болду. Ушул сабакты өздөштүрө турган азаматтар дагы, келечектеги президенттер, министрлер сиздердин араңыздарда турат. Биз берген сабак түбөлүктүү болсун. Элди бийлик сыйлап жүргөндөй кылалы. Бүгүн өзүбүздүн чечкиндүүлүгүбүздү көргөзүш үчүн Мелис Асаналиевич айткан маршрут менен тартипти, өзүбүздүн биримдигибизди, чечкиндүүлүгүбүздү, максатка жеткенге аракетибизди көргөзүп барып келели.

Элди алдап болбойт. Мына НТС телевидениесин үч ай мурун эл мактап батасын берип жаткан. Интернеттен эки күндөн бери добуш берүү болуп атат, сиздер КТРге ишенесизби десе, 85 процент интернет коомчулунунун өкүлдөрү КТРге ишенбейбиз дейт, 75 пайыз 5-каналга ишенбейбиз дейт. Өз элин шылдыңдаганын, кордогонун эл көрдү дагы бүгүн 75 пайыз адам 5-каналга ишенбейт. Бүгүн басып келип, өз пикирибизди айткандан кийин мен ойлойм 90 пайыз Кыргызстандын калкы 5-каналга ишенбейт. НТСке, Пирамидага дагы 65 пайыз адам ишенбейбиз деди. Ал эми үч ай мурун Пирамида кыргыз калкынын сыймыгы болгон, анын журналисттери биздин каармандарыбыз болгон, эл 100 пайыз ошолорго ишенип аткан. Кожоюндары өзгөрөрү менен бул каналдардын саясаты өзгөргөнүн элдер дароо байкады. НБТ деген телекомпания бар кожоюну казак, ошого 65 пайыз кыргыздар ишенебиз деп атат, 35 пайызы гана ишенбейбиз дейт. Мына биздин жүзүбүз, өзүбүзгө өзүбүз ишенбейбиз, башка калк бизге караганда адилет, калыс болуп атат.

Ошондуктан биз өзүбүзгө өзүбүз ишенишибиз үчүн кандай болушубуз керек? Өзүбүздүн маалымат каражаттарыбыз кыргыздарга объективдүү маалымат жеткиргендей болуш керек. Биз мына ушундай тартипти жасагыбыз келет. Объективдүү маалымат алган атуул бул эркин атуул. Болбосо көзүн байлап, сокурдай кылып, КТРден жалган айтып, алыскы регионордо угуп атат. Аларды бизге бир регионго активдүү атуулдарга каршы тукуруп атат. Бүгүнкү бийлик өз өмүрүн сааттап, күндөп санап калды. Ошондуктан өмүрү кыска калптарды телевидение аркылуу айтып атат. Субаналиев менен Кулов, Кулов менен Текебаев урушуп кетиптир деп. Биз эртең бул жерге чыгып бул туура эмес деп айтаарыбызды билет. Алар бүгүнкү күндү, эртеңки күндү утса, аягында бүт эле акчага сатылгандар, алкаштар келиптир, ал эми уюштуруучулар бири-бири менен урушуп, кызмат талашып атыптыр деген сөздөрдү таратып бир күн болсо дагы өмүрүбүздү узартсак деген ниети болуп атат. Мен ойлойм 1-2 күндүн ичинде бүткүл Кыргызстан билет. Ошондуктан урматтуу жердештер, келгиле бүгүн тартиптүүлүк менен өзүбүздүн чечкиндүүлүгүбүздү, биримдүүлүгүбүздү көрсөтөлү. Жашасын кыргыз патриоттору. Ура!

XS
SM
MD
LG