Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:46

21:06 ЕККУнун азыркы төрагасы Бириккен фронттун лидери Феликс Кулов менен жума күнү жолугушту


Бул тууралуу фронттун өкүлү Азамат Калман билдирди. Бирок жолугушуунун жүрүшү жана жыйынтыгы боюнча ишемби күнү атайын маалымат берилет, деп белгиледи Калман. ЕККУнун азыркы төрагасы жума күнкү сапары учурунда “Атуулдук коом коррупцияга каршы” уюмунун лидери Төлөкан Исмаилова, “Кылым шамы” уюмунун башчысы Азиза Абдрасулова жана “Эл аралык толеранттуулук үчүн” уюмунун өкүлү Анара Эгиналиева менен да жолугушуу өткөргөн. Жолугушуу учурунда Төлөкан Исмаилова Кыргызстанда өлүм жазасы алынып салынганын, бирок абактарда абал оор экенин билдирген. Азиза Абдрасулова бийлик менен оппозициянын сүйлөшүүсүнө көмөк көрсөтүүгө ЕККУнун төрагасын жардамга чакырган. Бул тууралуу Азиза Абдрасулова “Азаттыкка” маалымдады. ЕККУнун азыркы төрагасы Мигел Анхел Моратинос жума күнү Кыргызстанда кыска мөөнөөттүк сапар менен болуп кетти. (AiT)

XS
SM
MD
LG