Бүгүн «Келечеги кең Кыргызстан үчүн» бириккен фронту уюштуруп жаткан митинг УТРКга чейин жөө жүрүш жасап келишти. Алар өкмөт үйүнүн жанына келгенде он беш чакты бала келип, жаңжал чыгарууга аракет кылышты. «Азаттыктын» кабарчысы билдиргенге караганда алардын төртөө учурда Бириккен фронттун коопсуздук кызматы тарабынан кармалып, штабга алынып келинди. Калгандары «Россия» кинотеатры тарапты көздөй качышкан. Митингчилерге Ички иштер министри Болот Ногойбаев чыгып, бул жаңжал териштирилерин айтты. Бирок, Бириккен фронттун мүчөлөрү буга ишенбей тургандыгын билдиришти. (IJz)