Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:08

ФЕЛИКС КУЛОВ: ПРЕЗИДЕНТ ТОКТООСУЗ ТҮРДӨ КЫЗМАТЫНАН КЕТСИН


“Келечеги кең Кыргызстан үчүн” Бириккен фронт кечээки өкмөт үйүнүн алдында болуп өткөн жаңжалды бийлик уюштурган чагым катары баалап, ич ара кагылышууга шарт түзүп жаткан президент токтоосуз түрдө кызматынан кетиши керек деген жаңы талап менен чыкмай болду. Бул тууралуу кыймылдын жетекчиси Феликс Кулов бүгүн маалымат-жыйынында билдирди. Ал ошондой эле бийлик улуттук коопсуздук кызматынын жардамы менен жаңы чагымдарды уюштуруп жатат деген маалыматтар бар экенин билдирди. Ал эми расмий бийлик кечээки жаңжалга эч кандай тиешеси жок экенин айтууда.

“Келечеги кең Кыргызстан үчүн” Бириккен фронттун жетекчиси Феликс Куловдун айтымында, президент токтоосуздан кетсин деген талапты коюу чечими чагымдар кайрадан кайталанат деген кооптонуудан улам кабыл алынды:

- Президент Бакиев уюштурган акциялар эмнеге алып келди. Кечээки жаңжалдан улам өлкө регионалдык тирешүүнүн, жарандык согуштун алдында турду десем болот. Мына ушуга байаныштуу Бириккен фронт жана “Реформа үчүн” кыймылы буга чейинки талаптарга дагы жаңы – “президент токтоосуздан кетсин” деген талапты кошууну чечтик.

Жогоруда айтылган талаптан тышкары Бириккен фронт, конституциялык реформаларды жүргүзүү жана мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү милдетин аткара турган парламент менен бирдикте улуттук биримдик өкмөтүн түзүү талабы менен чыкмай болду.

Бириккен фронт мамлекет башчынын дарегине айткан ушундай дооматтарын президенттин маалымат-катчысы Нурлан Шакиев четке какты:

- Чагым уюштурганга бийлик эч кандай аракет көргөн эмес, ага жол да бербейт, андай кылбайт дагы. Өздөрү өздөрүн башкара албай жатса бийликтен көргөнү акылга сыйбаган жорук.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Темир Сариев чагымчылар видео тасмага тартылганын айтып, мушташты ким баштаганын көрсө болот деп билдирди.

- Жыйырмага жакын операторлор видеотасмага тартып жүрүштү. Ошондо ким мушташканын бардыгын көрсөк болот. Ички иштер министрине, премьер-министрге да айттык, митингдер тынчтыкта өткөндү кааласаңар чагым уюштуруу үчүн атайын даярдаган жигиттерин алып кетиши керек.

Кечээ 14-апрелдин кечинде Акүйдүн алдында мөөнөтсүз митинг акциясы уланып жаткан учурда он беш чакты бала митингичилерге келип, жаңжал чыгарып, мушташ болуп кеткен. Аларды Бириккен фронттун күзөтчүлөрү катардан сүрүп чыгарышып, төртөөнү кармап алышкан. Ичик иштер министрлигинен маалымдашкандай, Бириккен фронтунун кечээки митинги учурунда чагым чыгарды деп шектелгендердин үчөөнүн аты-жөнү такталды. Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов алардын чагымга тиешеси бар-жогун аныктоо үчүн тергөө иштери жүрүп жаткандыгын айтты:

- Үч киши кармалган экен. Алар, Темирбек Матиев, Нурлан Сатыбалдиев, Рустам Медетов дегендер. Бирөө Жалалабаттан, экөө Оштон экен. Кылмыш иши ачылып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Кечээки чагымдын уюштурулганына байланыштуу бириккен фронт эмки жумадан тартып республика боюнча акцияларды өткөрүүнү максат кылууда. Феликс Куловдун айтымында, бириккен фронт Жамаатык Коопсуздук келишим уюмуна жана ЕККУга кирген өлкөлөрдү Бишкекке чакырып, өлкөдө курч саясий абалдан чыгуу үчүн кеңешип, талкуу жүргүзүшү мүмкүн.

XS
SM
MD
LG