Кремлге оппозицияда тургандар болсо Баш мыйзамга жазылган укугубуз боюнча каалаган көчөгө чыгып нааразылыгын билдире алат дешет. Мындай ойду Маскөө менен Питерде эки күн удаа көчөгө чыгуу уюштургандар айтат. Анын алдыңкы күнү Лондондо бозгунда жашаган олигарх Борис Березовский The Guardian гезитине берген маегинде «Орусияда бийликти мыйзам жолу менен алмаштыруу мүмкүн болбой калды. Ошондуктан мен Путинди бийликтен кулатчу ыңкылап даярдап атамын», - деген.
Ырасмий бийликке катуу тийген андай сөз акырындап чууга айлана баштаган кезде «Азаттыктын» кабарчысы менен болгон маегинде Борис Березовский азыр орусиялык бийликтин Маскөө менен Санкт-Петербургда кишилерди кармоосу Баш мыйзамды тоотпой калгандыгын билдирет. Ошондуктан кремлдик бийлик өзү уюштурбаган бардык эле көчөгө чыгуудан коркот дейт:
- Кандай да болбосун бийлик элдин, мейли аз санда болсо да, көчөгө чыгып өзүнүн эркин билдирүүсүнөн болуп көрбөгөндөй коркот, - дейт Березовский мырза.
Ошол себептен Кремлдик кожоюндан эми бийликти күч менен гана алуу жолу калганын айтат.
Кечээ Питердеги биздин кабарчы Татьяна Вольтская жиберген макаласында элди кармоо митинг бүткөндөн кийин болгон. Аны ОМОН кызматкерлери өздөрү чагым чыгарып баштаган. Метронун «Пушкинская» станциясына кире бетиштен тосуп туруп, желим таякка алып элди сабап, кармоо башталган. Натыйжада жүздөн ашуун киши кармалган жана арасында эки журналист да бар экени дайын болот.
Эл ал жерде: «Азаттык!» деп ураан чакырып, качпай өчөшүп, тура берген.
Франс пресс агенттиги жазганга караганда милиция Улуттук большевиктик партиясынын лидери Эдурад Лимоновду кармап кеткен. Мурунку күнү Маскөөдө өткөн «маакул эместер» жүрүшүндө «Бириккен жарандар фронту» лидери Гарри Каспаровду да кармап миң рублей штраф төлөтүп коё берген эле.
Фантан.ру жазганга караганда, шаардык милиция башкармасынын жетекчилеринин бири Василий Умнов айтканга караганда: «Бул жолу анын кызматкерлери ишти уюшкандыкта аткарышкан».