Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:51

НАРЫН ШААРЫНЫН ПРОКУРОРУ К.ТОКТОМАМБЕТОВ: Б.АКУНОВДУН ӨЛҮМҮНҮН АРТЫНДА САЯСАТ ЖОК


Ачкачылык акциясына катышып, кийин 15-апрелде Нарын шаардык ИИБдө каза болгон Бектемир Акуновдун өлүмү боюнча Нарын шаардык прокурору Кеңешбек Токтомамбетов Нарындагы кабарчыбыздын суроолоруна жооп берди.

- Бүгүн (15-апрелде - ред.) 12.30да Нарын шаардык ички иштер башкармалыгына мындай маалымат түштү - камакка алынгандардын камерасында жаткан 1954-жылы туулган, Орто-Нура айылынын тургуну Бектемир Акунов өзүнүн көйнөгү менен асынып өлүп калыптыр, деген. Окуя болгон жерге барып, иштеп жаңы эле келдик. Ал кечээ кечки жети жарымдарда мэриянын кабылдамасына мас абалда барыптыр. Милиция кызматкерлери доктурга текшертишиптир. Мас абалда барып сөгүнүп, "мэр, губернатор каякта?" деген экен. "Бул жакта нарындыктар эмне жатасыңар, митингде Бишкекте элдер жүрүшөт, мэрди, губернаторду чакыргыла" деген экен. Ал жерде дежурный киши менен бир милиция кызматкери бар экен. Алар "кой, бул жерде сөгүнбөгүлө, чыккыла", дешкен экен. Ошондо чыгып кетип кайра бир маалда келиптир. Кайта эле сөгүнүп баягы эле сөздөрүн кайталаптыр. Анан милицияга телефон чалышкан экен. Мас киши келип алып ушинтип жатат деп. Майда кылмыш иши боюнча административдик кодексте 364-берене бар, коомдук жерде тартипти бузганы үчүн деген. Мэрдин кабылдамасы коомдук жер болуп эсептелет да. Ошон үчүн материал түзүшүп, майда кылмыш иши жасалды деп административдик тиртипте камап коюшуптур.

Менин оюмча, мыйзамдын чегинде эле камашкан. Бүгүн эртең менен түшүнүк алышыптыр андан. "Кечирип койгула, кичине ичип алдым эле" деген мааниде түшүнүк жазыптыр. Камерада отурган экен. Материалдарын жекшемби күнү иш күн болбогондуктан, 16-апрелде сотко алып барып, ал жерден каралмак - административдик чара колдонмок беле же айып пул төлөтмөк беле. Анан саат он экилерде бир үн угулду дейт. Күзөттө турган балдар чуркап барса, асылып калыптыр. Камера темирден жасалган тор. Ошол торго асылып калган экен. Балдар биринчи жардамды көрсөткөнгө аракет кылышыптыр. Доктур чакырышыптыр. Доктур дагы тез арада келиптир. Бирок, кармалган адамдын жүрөгү токтоп калган экен. Биз барып өзүбүзгө тиешелүү жерлерин текшерип, туугандарына кабарладык. Туугандары келгенде камерасын көрсөттүк. Анан барып сөөгүн көрсөттүк.

- Ал кишинин сөөгү азыр каякта?

- Моргдо.Бул киши биздин маалыматыбыз боюнча Бишкекте ачкачылык жарыялап келген экен. Кан басымы көтөрүлүп кеткен дешет. Туугандары менен сүйлөштүк. Алар баарын көрүштү. Менин оюмча бул жерде эч кандай саясий себептер жок. Ал киши чынында эле Бишкектеги митинге катышып келиптир. Үйүнө барып, үй оокаттарын таштап коюп, анан губернатор, мэр менен сүйлөшөм, деген экен. Өзүнүн деле жазган түшүнүгүндө бар. Кан басымым көтөрүлүп, кичине ичип койдум эле деген. Анан мен ойлойм бул жерде эч кандай деле саясий оюн жок. Мисалы, коомдук жайга келип алып эле сөгүнүп жатса бул кандай мыйзам. Ал мыйзам баарыбызга тең да. Анын аракетинде майда кылмыш иши козголуп турат. Менин оюмча милиция кызматкерлери мыйзамдын негизинде иш кылышты. Ал кишинин бул жакта мэрияда иштеген классташы бар экен. Аппарат жетекчиси болуп иштейт Эсентур Өмүралиев деген. Ошого келгенби, ким билет иши кылып, барып чыр салыптыр. Эми азыр текшерүүлөр дагы жүрүп жатат.

- Ал кишинин өлүмү боюнча иш ачылдыбы?

-Жок. Кылмыш ишин козгой элекпиз. Бизде мыйзам боюнча биринчи текшерип, фактыларды чогултуп анан барып чечебиз. Эртең менен соёбуз. Туугандарына да түшүндүрүп айттык. Азыркы маалга ушундай маалымат. Мен дагы айтып кетейин. Бул жерде эч кандай саясий себеп жок. Интернеттен окуп жатам. Митингге катышканы үчүн деген сөздөр жазылган экен. Менин оюмча, андай эмес. Эмне себептен ал киши өз өмүрүн кыйды аны билбейм. Эми текшеребиз.

Маектешкен Жаркын Ибраева, Нарын

XS
SM
MD
LG