Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:58

ПАРЛАМЕНТ БЕКТЕМИР АКУНОВДУН ӨЛҮМҮ БОЮНЧА ТОКТОМ КАБЫЛ АЛДЫ


Бүгүн Жогорку Кеңеш 40 добуш менен 15-апрелде Нарын шаардык ички иштер бөлүмүндө каза тапкан, «Бириккен фронттун» мүчөсү Бектемир Акунов тууралуу токтом кабыл алды. Токтом 5 пунктан турат. Анын биринчи пунктунда Нарын облустук бийлигинин, анын ичинде милиция жетекчилигинин Бектемир Акуновду мыйзамсыз камакка алганы белгиленет.

Ал эми токтомдун экинчи пунктунда бул окуяны кылдат жана адилет иликтеп чыгууну президент К.Бакиев өзүнүн түздөн-түз көзөмөлүнө алып, анны күч органдарына тапшыруу каралган. Токтомдун үчүнчү пунктунда президент К.Бакиевге Нарын облусунун губернатору Ж.Азыловду жана Нарын шаарынын мэри Б.Боогачиевди кызматтан алуу сунушталган. Төртүнчү пунктта Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси С.У.Курманалиевди, Нарын шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Т.М.Нуралиевди кызматтан алуу сунушталат. Ал эми токтомдун бешинчи пункту менен бул документтин аткарылышын көзөмөлдөө төрага М.Султановго тапшырылган.

Токтомду кабыл алаардан мурда депутаттар Алишер Сабиров менен Исхак Масалиев токтомду кабыл алууга негиз жок деп чыгышты. Бирок депутат Карганбек Самаков менен Кубат Байболов негиз бар экенин, анткени милиция кызматкерлери ачкачылык кармап, алсырап турган адамды камап, тепкилеп, урганы негиз эмеспи дегендей пикир айтышты. Ошондон кийин парламенте бул токтом жактырылды.

18-апрелде мурдагы саламаттык сактоо министри Накен Касиев маалымат жыйынында Бектемир Акунов таяк жегенин, ал эми ал муунудан же муунтурулгандан каза болгонун айткан.

Андан бир күн мурда Н.Касиев баштаган топ Нарынга барып, Б.Акуновдун сөөгүн сойгон эле.

Кечээ Б.Акуновдун тууган-уругу Нарын облустук мамлекеттик имаратын басып ала жаздашты. Губернатор Ж.Азылов милиция кызматкерлери мыйзам чегинде жазаланаарын убада кылды.(КО)

XS
SM
MD
LG