Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:50

БОРБОРДУК АЯНТ ТОЛУГУ МЕНЕН МИТИНГЧИЛЕРДЕН ТАЗАЛАНДЫ


Мурдагы кабарларда кечээ кечки саат тогузга жакын милиция менен митингчилердин ортосунда кагылышуу болгонун кабарлаган элек. Митингчилердин бир тобун Алатоо аянтына чейин сүрүп келген милиция андан кийин топтолгон элди “Эркиндик” гүлбагына, Токтогул, Байтик жана Панфилов көчөлөрүнө чейин сүрүп кууп чыкты. Ошол эле убакта милиция көздөн жаш агызуучу жана катуу үн чыгаруучу гранаталарды колдонду. Бир саат убакыттан кийин аянттагы бозүйлөр менен чатырларды күч кызматкерлери чечип кетишти.

Өкмөт үйүнүн күн чыгышынан Алатоо аянтына чейин митингчилерди сүрүп келген милиция аянттын Чүй кеңкөчөсү жагын тосуп, топтолгон элди аянттын ичине карай сүрө баштады. Ошол эле учурда катуу үн чыгаруучу жана көздөн жаш агызуучу гранаталар ыргытылып жатты.

Бул убакта Алатоо аянтындагы секиде турган оппозиционерлер митингчилерди жана милицияны сабырдуулукка чакырып атышты. Алардын бири Темир Сариев элди аянтка чакырды:

-Аянтка келгиле, баарыңар аянтка чогулгула. Эч ким эч нерсе кылбасын, эч ким эч нерсе кылбайт.

Темир Сариев митинг 20-апрелде уланарын айтып, чогулгандарды тарагыла деп үгүттөдү.

-Азыр акырындан тарагыла. Биз эртең саат төрттө чогулабыз. Ошондуктан, азыр акырындан тарагыла. Лагердегилер калсын.

Митингчилерди аянтка сүрүп келген милиция кызматкерлери эми топтолгон элди аянттын ичине карата сүрө баштады. Андан кийин үч-төрт топко бөлүнгөн милиция кызматкерлери топтолгондорду “Эркиндик” гүлбагына, Токтогул, Байтик жана Панфилов көчөлөрүнө чейин катуу үн чыгаруучу жана көздөн жаш чыгаруучу гранаталар менен сүрүп кууп чыкты.



Бул убакта Алатоо аянтындагы боз үйлөрдө жана чатырларда айрым митингчилер калышкан. Алар милицияга каршылык көрсөтүшкөн жок. Көп өтпөй ички иштер аскерлери жана курсанттар аянттагы тигилген бозүйлөр менен чатырларды чечип, атайын апкелинген жүк ташуучу машиналарга жүктөп башташты. Ал эми боз үйлөрдөгү жана чатырларда отурган митингчилер буюмдарын жана төшөнчүлөрүн көтөрүнүп, сыртка чыгып калышты. Биз алардын айрымдарын кепке тарттык. Атын атагысы келбеген 40 жаштардагы эркек киши мындай деди:

-Биз Нарындан келгенбиз. Канча күндөн бери ансыз деле суукта жатып, сууда калып атканбыз. Бул эмне деген кордук? Биз го эркекпиз, эптеп чыдайбыз. Мобу апалар эмне кылышат?

Ал эми улгайып калган аял жок дегенде бир үйдү калтырса болот эле деген оюн айтты:

-Алдыңа кетейин, эми биз кайда барабыз? Жок дегенде бир үйдү калтырса болбойт беле..?

Бул учурда Алатоо аянтында да, аянттын тышкары жакта да митингдин уюштуруучуларынан эч ким болгон жок. Ал эми ички иштер министри Болотбек Ногойбаев журналисттерге айткан сөзүндө бозүйлөр ШИИБнын кампасында болорун, ээлери каалаган күнү алып кетүүгө акылуу экендигин билдирди.

Түн жарымдан оогон кезде Биринчи май райондук шаарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу комбинатынын жумушчулары келип, аянтты толугу менен шыпырып жана жууп кетишти. Ал эми 11-апрелден тарта Алатоо аянтында тигилген боз үйлөр менен чатырларда жашап атышкан эки миңге жакын митингичилердин кай жакка барып түнөгөнү тууралуу маалымат болгон жок.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG