Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Март, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 21:13

БИЙЛИК «БӨРК АЛ ДЕСЕ, БАШ АЛЫП» БАШТАДЫБЫ?


Бүгүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Бириккен фронттун, “Ар Намыс”, “Ата Мекен” партияларынын кеңселерин тинтүүгө алып, фронттун бир нече мүчөлөрүн суракка алды. Кечээ түн ичинде “Агым”, “Апта” жана “Кыргыз руху” гезиттерин басууга Башкы прокуратура тыюу салган. Ал эми милиция тарабынан кармалып, камакка алынган 100 чакты митингчинин дайыны белгисиз болууда. Өлкөдөгү бул акыбалга байланыштуу Кыргызстандагы укук коргоочулар тынчсызданууларын билдирип жатышат.

Бириккен фронттун жана “Ар-намыс” партияларынын кеңселери таңкы саат төрттө тинтүүгө алынган. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Ар Намыс” партиясынын штаб мүчөсү Эржан Омаров билдирди. Анын айтуусунда өздөрүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлерибиз деп тааныштырган жигиттер таң ата электе кеңсеге келип, күзөтчүлөргө күч колдонушкан:

- Күзөтчү жигиттердин айтуусунда атайын даярдалган отряддын аскерлери терезе аркылуу кирип келишкен. Алар өздөрүн Коопсуздук кызматынын кызматкерлерибиз деп тааныштырган, бирок эч кандай документ көрсөтүшкөн эмес. Биздин жигиттерди сабап, алардын буюмдарын тартып алышкан. Мындан тышкары офисте үч сааттай отуруп, телефон чалгандарды, келгендердин баарын тизмеге алып, коркутушкан. Аягында биздин жигиттерден өздөрүнө доо жок деген тилкат жаздырып алып, кетишкен, -дейт Эржан Омаров.

Күч органдарынын кызматкерлери бүгүн ошондой эле “Ата Мекен” партиясынын да кеңсесин тинтүүгө алышкан. Бул тууралуу аталган партиянын лидери Өмүрбек Текебаев парламентте билдирип, алардын эч кандай санкциясы жок эле иштеп жаткандыгын белгиледи.

20-апрелге оогон түнү Башкы прокуратура эркин басмаканадан басылуучу “Агым”, “Апта”, “Айкын” жана “Кыргыз руху” гезиттеринин соңку сандарынын жарык көрүүсүнө тыюу салды. Укук коргоочулар муну менен бийлик сөз эркиндигине түздөн-түз кол салды деп эсептешет.

Мындан тышкары, бүгүн Бириккен фронттун бир нече мүчөлөрү: Дүйшөн Чотоновду, Анвар Артыковду, Накен Касиевди, Эмил Алиевди жана Азамат Калманды Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери эч кандай чакыруусуз, эскертүүсүз алып барып, суракка алышкан. Бул тууралуу “Жарандык коом коррупцияга каршы” коомдук уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова “Азаттыкка” маалымдады. Анын айтуусунда күч органдарынын кызматкерлери мыйзамдан тыш кадамдарга барышкан:

-Биз саат экилерде бардык. Сурагы саат он бирде бүтсө да, Азамат Калманды кетирбей кармап атышыптыр. Анын айтуусунда Азаматты коопсуздук кызматынын кызматкерлери эч кандай укуктук жагын түшүндүрбөй эле офисинин жанынан күч менен алып кетишкен. Ал өзү өчүрүп койгонуна карабай, Азаматтын эки чөнтөк телефонун алып коюшуптур. Биз кийлигишип атып, кайра кайтарып берүүсүнө жетиштик. Азамат Калман менен Анвар Артыковду кое беришти, калгандарынын үстүнөн сурак дагы деле уланып жаткан.

Төлөйкан Исмаилованын айтуусунда сурак жүргүзүп жаткан тергөөчүлөр мыйзамдан тыш иш алып барууда:

-Сурак жүрүп жаткан иш бөлмөлөрдүн биринде Накен Касиев да бар экен. Аны дагы коопсуздук кызматынын кызматкерлери үйүнөн эч кандай чакыруусу жок эле алып келишиптир. Адвокаты да жок экен, биз ага өзүбүздүн адвокатыбызды сунуш кылдык. Учурда адвокат Сартпай Жайчыбеков ага укуктук жагынан жардам берип жатат.

Бириккен фронттун депутаттык кол тийбестиги жок мүчөлөрү суракка чакырылганын жана алардын ар бирине бүгүн эртең мененки саат алтыда чакыруу кагазы таратылгандыгын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Мурат Суталинов парламентте билдирген.

Төлөйкан Исмаилованын айтымында, кечээ кечинде жана бүгүн эртең менен милиция тарабынан кармалып, камакка алынган 100 митингичинин дайыны белгисиз болууда. Алар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин камоочу жайында жок болуп чыккан. Укук коргоочулар күч органдарынын бул аракеттери чектен ашкандык, “баш ал” десе бөрк алган кошоматчылык деп эсептешүүдө.

Президенттин алдындагы Адам укуктарын коргоо комиссиясынын төрагасы Турсунбек Акун да күч кызматкерлеринин бул аракеттерин мыйзамдан аша чапкандык деп мойнуна алды:

- Митингди уюштуруучуларды минтип бирден чакырып суракка алуу, ушуну менен эле алардын укугун бузуу аша чапкандык. Тогуз күндөн бери митингчилерден мыйзамдан тыш эчкандай аракеттерди жасаган жок. Пикет, митинг жана жүрүштөр биздин Конституциялык укугубуз. Ал эми эркин басма сөз каражаттарына кысым көрсөтүүнү да мен туура эмес деп эсептейм, -деди Турсунбек Акун.

Айрым саясат талдоочулардын айтуусунда сөз эркиндигин басып, нааразылык акциясынын уюштуруучуларына мыйзамдан тыш аракеттерди колдонуу Кыргызстандын демократиялык аброюна көлөкө түшүрөт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG