Ракеталык сокку жегенден коргонуу агенттиги февралдын башында таркаткан: «асманда учуп бараткан ракетаны ок менен атып түшүрчү америкалык алгачкы радар 2011-жылы Польша жеринде куралат», деген маалымат Маскөөнү катуу чочутканын ар кайсы агенттиктер жазышат.
Кайсы бир анализчилер баамында, Владимир Путин ошол маалыматтан кийин Мюнхенде коопсуздук боюнча чогулган жыйынга өзү барып, 10-февралда дүйнөдө америкалык бир «уюлдук» таасир пайда болду деп ага каршы сөз сүйлөгөн.
«НАТО өзүнүн алдыңкы күчүн биздин мамлекеттик чегарага жакындатып келе жатат. Бул бирине биринин ишенимин төмөндөтчү көкүттүрмө олуттуу фактор», - деген эле Владимир Путин ал жолу мамлекеттик сыналгыдан.
Эксперттер айтымында радар орнотулганда ал 4500 чакырым аралыкка чейинки жердеги ракетаны атып түшүрө алат жана ал, ошол эле учурда, батыштык ракетаны ошончолук аралыкка да ата алат. Орусиянын тынчы кетиши мына ушундан дешет.
Кошмо Штаттары асманда учуп келаткан ракеталарды атып түшүрүүчү 10 аппаратты Польшанын жерине орнотууну көздөп атыптыр. Чек жумуриятынын жеринде болсо Вашингтондун кара тизмесине кирген: Иран, Түндүк Корей, Кытай сыяктуу өлкөлөр кол салып ракета атса ал кайдан учуп чыгып кайсы багытты карай баратканын билип алуучу радио толкундарды таркатчу курулуш тургузганы атыптыр.
Коопсуздугу бошоңдобосун деп кыпылдап аткан Маскөөнүн көөнүн жайлаш үчүн Вашингтон аны бул иште бирге кызматташ болууга чакырып атканы дайын болууда.
Маскөөгө аттанар алдында АКШнын коргоо министри журналистер алдында айткан кебинде дагы бир жолу «кансыз согушту» баштоо ылайыксыз:
«Биз жашап аткан нагыз дүйнө, мындан жыйырма-отуз жыл баштагыга караганда кыйла татаал болуп өзгөрдү. Баарыбыз башка өлкөлөр менен өнөктөштүктө, анын катарында Орусия менен бирге чече турган көптөгөн маселелерге кабылып атабыз. Ошол себептүү мен президент Путин менен коргоо министр Ивановдун келип кетиңиз деген чакыруусун кабылдадым. Бизге бир жолу болуп өткөн «кансыз согуш» жетишет», - дейт Гейтс мырза.