Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Июль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:12

ОППОЗИЦИЯ САЯСИЙ КУУГУНТУКТУ ТОКТОТУУНУ ТАЛАП КЫЛУУДА


19-апрелде оппозициянын митинги күч менен куулуп таратылгандан кийин, митингдин уюштуруучулары жана кээ бир катышуучулары күч органдарына сурак берип жатышат. Укук коргоочулар милициянын убактылуу камоочу жайларында 150гө жакын киши кармалып жатканын айтышууда. Ал эми айрым саясатчылар саясий кризистен репрессия жолу менен эмес, сүйлөшүү жана келишүү жолу менен чыгууну сунушташат.

Президент Курманбек Бакиевдин кызматтан кетүүсүн жана мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү талабы менен өтүп жаткан митингдин таратылганына төрт күн болду. Бул арада митингдин уюштуруучулары күбө катары бир-эки сыйрадан Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчилерине сурак берип чыгышты. Айрымдары бүгүн-эртеңкиге суракка чакырылышкан. Сурак берип чыккан фронтчулардын көпчүлүгү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери эч кандай чакыруусуз, эскертүүсүз эле үйлөрүнөн, көчөдө жүргөн жеринен кармап кетип жатышканына нааразылыгын билдиришүүдө.

Ишемби күнү Бириккен фронттун жетекчиси Феликс Кулов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинде үч сааттан ашуун сурак берген. Анын айтуусунда тергөөчүлөр митингге жумшалган акчанын кайдан алынгандыгы тууралуу сурашкан. Мындан тышкары 19-апрелде баш-аламандыкты уюштурган деген айып менен Бириккен фронттун жаш канаты “Канжар” кыймылынын ондон ашуун мүчөсү камакка алынды. Алардын бири Адилет Айтикеевди 21-аперль күнү эртең менен “Дордой” базарынын жанынан милиция кызматкерлери кармап кетишкен.

Адилеттин адвокаты Сартбай Жайчыбековдун “Азаттыкка” маалымдашы боюнча Айтикеевге карата кылмыш иши козголуусу ыктымал болууда:

-Айтикеев Адилетти ишемби күнү кармап барып, менин көзүмө сурашты. Андан кийин кылмышка шектүү деген себеп менен кое бербей, камап коюшту. Ал азыр УКМКнын убактылуу камоочу жайында отурат. Кылмышка шектүү деп камаган соң, анын үстүнөн кылмыш ишин козгошу толук ыктымал.

Укук коргоочулар УККнын жана милициянын убактылуу камоочу жайларында учурда митингдин жүздөн ашуун катышуучулары “паспорттук режим” деген айып менен кармалып, камалып жаткандыгын айтып, тынчсызданышууда.

Бүгүн түшкө жуук “Реформа үчүн” кыймылынын мүчөсү, ЖК депутаты Осмонбек Артыкбаевге караштуу “Неман-Холдинг” ишканасына чүмбөтчөн белгисиз адамдар кирип, тиешелүү документтерин алып кетишкен. Бул тууралуу “Азаттыкка” депутаттын жардамчысы билдирди.

Оппозиция өкүлдөрү митингдин уюштуруучуларына жана катышуучуларына карата бийлик тарабынан жасалып жаткан мындай мамилени саясий репрессия деп баалашууда.

Митингди уюштуруучулардын бири “Реформа үчүн” кыймылынын мүчөсү Темир Сариев бийлик куугунтуктоону токтотууга тийиш деген сөзүн бүгүн парламентте сүйлөгөн сөзүндө билдирди:

-Бийлик саясий куугунтугун токтотсун. Алар “биз митингди кууп тараттык, эми анын артынан куугунтук кылсак боло берет” десе чоң жаңылышат. Анткени арты эмне менен бүтөрүн жакшы билишет, баштарынан өткөн.

Ал эми күч органдары бул эч кандай саясий куугунтуктоо эмес деген пикирлерин бекемдеп, 19-апрелде болгон баш-аламандык боюнча Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогондугун, митингдин уюштуруучулары жана катышуучулары күбө катары гана суракка чакырылып жаткандыгын белгилешүүдө.

Ушундай эле жүйөөнү президенттин алдындагы адам укугун коргоо комиссиясынын төрагасы Турсунбек Акун да билдирди. Анын айтуусунда кээ бир укук коргоочулар менен саясатчылар кырдаалды ашыра баалап жатышат:

-Кулов болобу, Бакиев болобу, ким болбосун, сурак бериши керек. Мыйзам талап кылат да. 19-апрелдеги баш-аламандык боюнча кылмыш иши козголгон, эми аны аягына чыгаруу зарыл. Муну 37-жылга салыштыруу, саясий репрессия деп айыптоо аша чапкандык,-дейт Турсунбек Акун.

Айрым саясатчылар өлкөдөгү түзүлгөн саясий кризисти сүйлөшүү, келишүү жолу менен чечүү зарылдыгын белгилешет. Көрүнүктүү ишмер, саясатчы Абдыганы Эркебаев бийлик тарабынан жүргүзүлгөн саясий куугунтуктоо жакшы натыйжаларга алып келбейт деген пикирде:

-Бийлик саясий куугунтук кыла берсе, кырдаал дагы курчуйт. Анткени оппозиционерлердин артында да туугандары, эли-журту, саясий пикирлештери бар. Ошондуктан, бийлик буга жол бербөөгө тийиш.

Абдыганы Эркебаевдин пикиринде бийлик митингдин таратылышын жеңиш катары санап, мурда сөз берген реформаларды жүргүзбөй коюуну максат кыла турган болсо, анда кырдаал мындан да курчуп кетүүсү мүмкүн.

Ал эми өкмөт башчы Алмаз Атамбаев “Азаттыкка” берген маегинде жана оппозиция өкүлү Темир Сариев менен болгон жолугушуусунда Конституциялык реформа үзгүлтүккө учурабай сөзсүз ишке ашарын билдирди.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG