Соттун имаратын азыр болжол менен 3 миңдей адам эч кимди чыгарбай тегеректеп турганын Кемин райондук ички иштер бөлүмүнөн тастыкташты. Алар Бермет Акаевага байланыштуу сот чечимин күтүшүүдө. Кемин шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Бермет Акаеванын атаандаштары аны мыйзам бузууларга барды деп, шайлоодон четтетүү арызы менен сотко кайрылышкан. Бул арызды сот бүгүн эртең менен карап баштаган. Бермет Акаеванын тарапкерлери мандын сырткары Бишкек-Торугарт жолун жапканы да кабарланууда. (SM)