Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:43

ПИКЕТЧИЛЕР ТАЛАБЫ - КАМАКТАГЫ САЯСАТЧЫЛАРГА БОШТОНДУК


Апрель митингдерин уюштурган Бириккен фронттун штаб башчысы Өмүрбек Субаналиев менен “Ата мекен” партиясынын мүчөсү Өмүрбек Абдрахманов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин камагында отурганына бүгүн үч күн болду. Бириккен фронттун жаш канаты “Канжар” оппозициялык кыймылынын лидерлеринин бири Адилет Айтикеев кечээ Башкы прокуратуранын санкциясы менен эки айга абакка алынды. Буга байланыштуу бүгүн бир нече коомдук уюмдардын жана жаштар кыймылдарынын өкүлдөрү Коопсуздук комитетитинин имаратынын алдында, андан кийин Өкмөт үйүнүн алдында пикет өткөрүп, камактагыларды бошотууну талап кылды.

“Саясий туткундарга боштондук!”, “37-жылга жок”, “Сөз эркиндигине, эркин ойлоого жана эркин чогулууларга ооба!” деген талаптар жазылган плакаттар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин темир дубалдарына илинген. Апрель митингдери күч менен куулуп таркатылгандан кийин бийлик тарабынан камакка алынган саясий активисттерди бошотууну талап кылып жарандык коом өкүлдөрү пикетке чыгышты. Алардын арасында 21-апрелден бери Коопсуздук боюнча мамкомитеттин камагында жаткан жаш оппозиционер Адилет Айтикеевдин апасы Бурулкан Бейшеналиева да бар. Ал уулунун камалып калганын “Азаттык” аркылуу угуп, Таластан келген. Анын айтуусунда тергөөчүлөр уулу менен көрүшүүгө уруксат бербей жатышат:

-Мен 23-апрель күнү “Азаттыктын” эртең менен саат жетиден сегизге чейинки берүүсүнөн 21 жаштагы Адилет Айтикеев камакка алынды деп угуп калып, 24-апрель күнү түнү менен борборго келдим. Эки күндөн бери ушул Коопсуздук кызматынын өткөрүүчү пунктун сагалап турам, мага уулум менен көрүшүүгө уруксат бербей жатышат.

Бурулкан Бейшеналиеванын Адилеттен башка дагы бир уулу бар. Аларды апасы жалгыз тарбиялап-өстүргөн.

Камактагыларды бошотуу талабы менен уюштурулган пикетке бир нече коомдук уюмдардын, Бириккен фронттун, жаштар кыймылдарынын жана айрым саясий партиялардын өкүлдөрү катышышты. “Ар-намыс” партиясынын жетекчисинин орун басары Эмил Алиевдин маалыматы боюнча учурда Улуттук Коопсуздук комитетинин камагында үч киши жатат:

-Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин камагында биздин үч активист: Өмүрбек Субаналиев, Өмүрбек Абдрахманов жана Адилет Айтикеев жатат. Мындан тышкары Бишкек шаарындагы ички иштер бөлүмдөрүнүн камоочу жайларында дагы митингдин ондогон катышуучулары камалып жатышат, -дейт Эмил Алиев.

Камакка алынгандар менен жолугуп, сүйлөшүүгө жакындарына гана эмес, адвокаттарына да уруксат берилбей жатат. Адилет Айтикеевдин адвокаты Сартбай Жайчыбековдун айтуусунда бул жерде камалып жаткан адамдын гана эмес, адвокаттардын да укугу бузулууда:

-Адилеттин абалы тууралуу мен эч нерсе айталбайм. Анткени аны менен Адилет биринчи кармалган күнү гана сурак учурунда көрүшкөнбүз. Андан бери жолугууга уруксат бербей, тергөөчү башчылыгына шылтап койду. Бул жерде айыпталып жаткан адамдын гана эмес, адвокат катары менин да укугум тебеленип, мыйзамдуулук сакталбай атат.

Пикеттин катышуучуларына коопсуздук боюнча мамкомитеттен эч ким чыккан жок. Бир-эки саат тургандан кийин алар Өкмөт үйүнүн алдына келип турушту. Ал жерде пикетчилерге президенттин алдындагы адам укугун коргоо комиссиясынын төрагасы Турсунбек Акун чыгып жолугушту. Ал пикетчилердин талабы менен макул экендигин, аны чечүүгө аракет жасап жаткандыгын билдирди:

-Бул талаптарды мен да жакшы билем. Минтип четинен камай берүү Кыргызстанга, президентке жакшы аброй апкелбесин айтып, кечээ жана бүгүн билдирүү тараттык. Президентке кабарладым, президенттик администрация башчысы менен сүйлөштүм. Өкмөт башчыга да айтылган, колдон келгенин жасап жатабыз. Ошентсе деле укук коргоочулар мени айыптап жатышат.

Турсунбек Акун азыркы учурду бүт журт билермандарын кыргынга алып, жок кылган 37-жыл менен салыштырууга болбойт деген пикирин да айтып кетти. Өкмөт үйүнүн алдында турган пикетчилерге Биринчи май райондук прокуратура кызматкерлери келип, акцияны токтотууга эскертүү беришти. Андан соң пикетчилер тарап кетишти.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG