КАБУЛ.Түндө Ооганстандын Херат провинциясында куралчан согушкерлер полициянын машинесине кол салып, бери дегенде үч полицистти өлтүрүп кетишти. Кол салуунун жоопкерчилигин эч ким мойнуна алган жок. Кечээ болсо Урузган провинциясында НАТО аскерлеринин Талибанга жасаган чабуулунда эки талип согушкери курман болуп, дагы төрт киши жаракат алды. Кагылышуулар Каяки деген гидроэлектростанциянын жанында болгон.