Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:01

18:25 Т. Акун: Өмүрбек Суваналиев менен Өмүрбек Абдыракмановдун маселеси чечилип жатат


Президенттин карамагындагы адам укугун коргоо комиссиясынын төрагасы Турсунбек Акун мындай пикирин Коопсуздук кызматынын тергөө бөлүмүнүн башчысы Медет Талиев менен кечке жуук жолугушуп чыккандан кийин билдирди. Укук коргоочу ошондой эле камалгандардын мындан аркы тагдыры кандай болору али бүдөмүк бойдон турганын белгиледи. Турсунбек Акун бир аз убакыт мурун ошондой эле Коопсуздук кызматынын камагында отурган Өмүрбек Суваналиев, Өмүрбек Абдыракманов, Адилет Айтикеев менен жолугушуп чыкты. Анын айтымында кылмыш жасагандыгынан шектелип отурган саясатчыларга күч колдонгон жагдайлар байкалган жок, алар өздөрүн күнөөлүү деп эсептешпейт. Буга чейин жергиликтүү маалымат каражаттары Өмүрбек Суваналиевге айып тагылгандыгын кабарлашкан. (BuS)

XS
SM
MD
LG