Бириккен фронттун лидери Феликс Кулов атайын кызматтарды оппозициянын митингисине чагымчылык кылды деп айыптоодо. Кулов бул жөнүндө бүгүн «24.kg» агенттигинде өткөргөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, 19-апрелде оппозициянын митингин кууп таркатууга алып келген инцидентти Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери түштүктөн келген жарандардын жардамы менен тымызын түрдө уюштурган. «Бул үчүн жоопкерчилик президент Курманбек Бакиевдин мойнунда,- деп баса белгиледи Феликс Кулов.- Ал өзүнүн келечегин коопсуз кылуу максатында кармап-камоолор менен оппозициянын аракетин кылмыштуу кылып көрсөткүсү келип жатат». Оппозиция лидери ошондой эле Бириккен фронт 5-майда элдик курултай өткөрө турганын билдирди. Курултайга бардык аймактардан аттуу-баштуулар чакырылып, анда коомдук-саясий кырдаалга, конституциялык реформага байланышкан маселелер талкууга алынат. Куловдун айтымында, күзгө чейин Конституциялык реформага байланыштуу бийлик чечкиндүү аракеттерди көрбөсө, оппозиция ар кандай нааразылык акцияларын кайрадан күчөтөт.(KCh)