Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:02

АГРАРДЫК АКАДЕМИЯНЫН РЕКТОРУ КЫЗМАТ МӨӨНӨТҮН УЗАРТУУНУ КААЛАЙТ


Агрардык университетте ректору Баатыралы Сыдыков кызмат мөөнөтүн дагы эки жылга узартуу ниети бар экендигин окуу жайдын жамаатына жарыялады. Батыралы Сыдыковдун ректор болуп шайланганына беш жыл болгон жана 26-апрелде анын мөөнөтү аяктады. Ректордун сунушу окутуучулук профессордук жамааттын ичинде талаш жаратты. Б. Сыдыковдун кызматтан кетишин талап кылып келаткан бир катар мугалимдер анын кызмат мөөнөтүн узартууга каршы чыгышты.

Агрардык академиянын ректору Батыралы Сыдыков мындан беш жыл мурда шайланган, анын ректорлук иш мөөнөтү 26-апрелде ырасмий түрдө аяктады. Бирок, ректор окутуучулар жамааты менен 25-апрелде болгон жолугушууда дагы эки жылга калып иштөө ниети бар экенин айтты.

- Силер мени ректор кылып шайлап алганынарга бүгүн туура беш жыл болду. Ал эми ректорлук кызматта дагы иштөөнү каалап, арыз жазганымдын себеби бир топ мугалимдер, доцент, профессорлор келип дагы иштеп берүүмдү суранып жатышат. Акыркы беш жыл ичинде бир топ иштер жасалды, бүтпөй калган иштер да бар. Университеттин 75 жылдыгы келатат. Ошондуктан бул мааракени өзүм өткөрүп, эки жылдан кийин жетимишке чыгам, ошондо биротоло кетейин деген ниетим бар - деди Батыралы Сыдыков.

Эгер Б.Сыдыков мырза дагы эки жылга кызмат мөөнөтүн узартса, анда академиянын уставы бузулат деп буга айрым окутуучулар каршы чыгууда. Агрардык академиянын профессору Асанбек Абдыкеримов Б.Сыдыковдун мындан ары ректор кызматында калууга укугу жок деп «Азаттыкка» билдирди.

- Мыйзамда көрсөтүлгөн, ректор алтымыш беш жашка толгондо башка кызматка которулуш керек. Батыраалы Сыдыкович алтымыш беш жашка чыккандан кийин дагы эки жыл иштеди, ошондуктан анын укугу болбой калды деп эсептейм. Төмөн жакта иштеген мугалимдер жамааты анчалык ыраазы болбой жатат. Бизге көңүл бурулбайт, өз жумушубуз менен эле алек болуп жүрөбүз деген сөздөр да бар. Мыйзамды туура колдонууну үйрөнүшүбүз керек, биз туура колдонбой жатабыз. .

Ректорду шайлоодогу мындай талаш-тартыштардан студенттер да четте калган жок. Айрым студенттер ректордун аброю - окуу жайынын аброю, ал эми окуу жайынын аброю студенттердин маанайына сөзсүз таасирин тийгизет деген пикирде.

Айыл чарба академиясы совет доорунда Кыргызстандын социалисттик айыл чарбасы үчүн адистерди даярдаган белгилүү окуу жайы эле. Андан көптөгөн көрүнүктүү ишмерлер окуп билим алган. Эгемендик заманында Скрябин атындагы айыл чарба институту баштагы беделинен бир аз ажыраганы менен айыл чарбасы үчүн адистерди даярдоочу башкы жогорку окуу жайы бойдон калууда.

Эдил Сапарбек уулу, Бишкек
XS
SM
MD
LG