Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:41

ПУТИНДИН СӨЗҮ АКШ МЕНЕН НАТОну КООПКО САЛДЫ


Орус президенти Владимир Путин жалпы улутка кайрылып, Федералдык жыйында сүйлөгөн сөзүндө Европадагы кадимки куралдар жөнүндөгү келишимди сактоого Россия мораторий жарыялашы мүмкүн экенин эскертти. Путин НАТОлук өлкөлөрдү аталган келишимди ратификациялаган жок жана анын шарттарын аткарбай жатат деп айыптады. НАТОнун баш катчысы жана АКШнын мамлекеттик катчысы буга байланыштуу олуттуу камтамачылык билдиришти.

Федералдык жыйындагы кайрылуусунда президент Путин курал-жарактарды кыскартуунун ордуна аларды көбөйтүп жатканы үчүн Батыштагы өлкөлөрдү сынга алды жана бу проблеманы НАТО-Россия кеңешинде талкуулап чыгууну табыштады. Эгер сүйлөшүүлөрдө кандайдыр бир жылыштар болбосо, анда Европадагы кадимки куралдар тууралуу келишимдеги милдеттенмелердин Россияда аткарылышын токтотууну сунуш кылды. Путин буга кошумчалап, альянска жаңыдан мүчө болгон өлкөлөр, айрыкча Балтик кылаасындагылар аталган келишимге дегеле кошула электигине токтолду. “Ушундан улам НАТОнун бардык өлкөлөрү келишимди бери эле дегенде ратификациялаганга чейин Россияда ага мароторий жарыялоонун максатка ылайыктуулугун” белгиледи.

Путиндин бул сөзүнө АКШнын илгиртпей мамилесин билдирип,мамлекеттик катчы Кондолиза Райс келишимде бир катар милдеттенмелер каралганын,аларды бардык тарап аткарууга тийиш экенин жана президент Путиндин кеп жүйөөсүн орус тышкы иштер министринен кенен-чонон билгенге үмүт кылып жатканын айткан эле.

НАТОнун баш катчысы Яаап де Хооп Схеффер да Россия азырынча келишимди аткарып жатканын,бирок “мораторий” тууралуу сөз чыкканын белгилеп, адегенде мунун өзү конкреттүү эмнени билдирет, ошону аныктап алалы деп айткан эле. Арадан көп өтпөй ал Россия келишимден чыгышы ыктымал экенин орус тышкы иштер министри Сергей Лавров бышыктаганын билдирди. “Менин айтарым,бул билдирүү бизди камтама кылат,өтө олуттуу камтама кылат”, - деп айтты НАТОнун баш катчысы.

Орус министри өзү да кечээ Ослодо журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, маселе НАТОлуктар менен талкуулана турганын, эгер сүйлөшүүлөр олуттуу өзгөрүштөргө алып келбесе, Батыштагы өнөктөштөр баштагыдай эле документти ратификациядан баш тарта турган болсо, анда келишимден чыгуу маселеси күн тартибине коюларын ырастады.

Сөз болуп жаткан келишим 1990-жылы түзүлгөн, 1999-жылы анын айрым жоболору өзгөртүлгөн. Келишимдеги башкы талапка ылайык, Европанын 28 өлкөсү, АКШ, Канада континентке демейки куралдуу күчтөрүн жайгаштыра албайт. Европага антиракеталык системанын айрым элементтерин жайгаштыруу тууралуу АКШ планы бу келишимге кирбейт, бирок Вашингтондун планы Россия менен НАТОнун ортосундагы ишенимди арттырган жок.

Айрым эксперттер аталган келишим негизинен НАТО менен Варшава уюму ортосунда түзүлгөнүн эске салып, “кансыз согуштан” кийин анын мааниси калган жок дешет. Мисалы,германиялык аскери эксперт Ганс Шредер азыркы кезде НАТО менен Россиянын стратегиялык тиреши жоктугун, андыктан келишимдин олуттуу күчү калбаганын белгиледи. Башка бир байкоочулар болсо бу маселе Москва менен Вашингтондун алакаларын татаалдаштырат дешет.

XS
SM
MD
LG