Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Февраль, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 06:52

ӨМҮРБЕК ТЕКЕБАЕВ: БИЙЛИК БАСЫМ ЖАСООГО АРАКЕТ КЫЛДЫ, БИРОК КОРКУТА АЛГАН ЖОК


Маектешкен Бурулкан Сарыгулова Жогорку Кеңештин депутаттар тобунун кепилдиги астында камактагы үч саясатчы: Өмүрбек Субаналиев, Өмүрбек Абдыракманов жана Адилет Айтикеев Коопсуздук кызматынын камагынан бошотулду. Анын алдында саясатчыларды бошотуу маселесин “Атамекен» социалисттик партиясынын лидери, депутат Өмүрбек Текебаев премьер-министр Алмаз Атамбаев, президенттик администрация башчысы Медет Садыркулов менен талкуулаган. Камактагы шериктери чыкканга чейин депутат «Азаттыктын» суроолоруна жооп берген эле.

- Өмүрбек мырза, кечээтен бери саясий акыркы окуяларда бир аз өзгөрүүлөр болуп кетти. Анын ичинде “Ата мекен” социалисттик партиясынын эки лидери учурда коопсуздук кызматынын камагында отуруп атат. Алардын бирөө Өмүрбек Абдыракмановдун мөөнөтүн кечээ Субаналиев менен кошо эки айга узартып коюптур. Андан мурда Адилет Айтикеевди узартты эле. Аларга байланыштуу партия тараптан кандайдыр бир чаралар көрүлүп жатабы?

- Биз партиялардын мүчөлөрү Субаналиевди камакка алган күндөн баштап укуктук, информациялык жардамды көрсөтүп жатабыз. Бул ал камалган үч адамга гана эмес жалпы эле опоненттерди, башкача ой жүгүркөн адамдарды мыйзамсыз куугунтуктоо токтотуу маселесин көтөрүп, бардык жерлерде өз билдирүүлөрүбүздү жасап жатабыз. Бир топ депутаттар камактагы үч азаматты, алардын кепилдиги үчүн эркиндикке чыгаруу боюнча бир нече күн мурун кайрылышкан. Ал кезде бийлик бул катка көңүл бурган эмес. Бүгүн мен өкмөт башчысы Алмаз Атамбаев, президенттин администация жетекчиси Медет Садыркулов менен жолуктум. Алар эгер ошол кат жазылганы чын болсо, азыр издеп атышат, эгер тапса ошонун негизинде оң жыйынтык чыгарабыз деп убадаларын беришти. Анткени коюлуп жаткан күнөө оор эмес кылмыштардын категориясына кирет 2 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажырала турган. Адатта мындай жеңил кылмыш жасалган адамдарды камакка албастан эле суракты жүргүзсө болот. Өзгөчө айыпталып жаткан адамдардын жеке сапаттары, алардын коомдогу орду, статусу эске алынышы керек. Булар жөнөкөй адамдар эмес, алды генерал, бардык баскычтарды өтүп министрлик деңгээлге чейин кызмат кылган. Экинчиси белгилүү ишкер. Алар үчүн белгилүү адамдар кепилдик берип атат. Мына ушундай шартта мейли алар кылган кылмышын туура, туура эмес деген күндө дагы мындай майда кылмыштар үчүн оор чек коюу колдонулбайт.

- Сиз майда кылмыш деп атпайсызбы, бүгүн адвокаттар маалымат жыйында аларда эч кандай кылмыш курамы жок, таптакыр эле мыйзамсыз кармалышты деп атпайбы?

- Туура, алар мыйзамсыз кармалган. Мен бир нече жолу партиянын атынан, өзүмдүн атымдан да айттым, эч кандай массалык тартип бузуу болгон эмес. Бирок аларды массалык тартип бузуу боюнча айыптап атат. Ал чынбы, жалганбы дебестен туруп, ошол коюлган айыпты караганда деле 2 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажырата турган кылмыш коюп аткан доосу. Ушундай жеңил кылмыш үчүн белгилүү адамдарга, булар көчөдөн качып кете турган дареги жок майда хулигандар эмес, андай адамдарга буга окшогон чара колдонулбайт. Алар өзгөчө чоң саясатчы болсо, белгилүү адамдар кепилдикке алып аткан болсо, кеп ушул жөнүндө кетип атат. Ал эми биздин позициябызды алып карасак, эч кандай массалык тартип бузуу болгон жок, камакта отурган азаматтардын эч кандай күнөөсү жоук, бул биздин позиция. Бирок ошондо дагы мен айткандай коюлуп жаткан доомат дагы өтө оор эмес.

- Сиз мындан аркы окуянын өнүгүшүнө саясатчы катары кандай көз карашта болуп атасыз. Мисалы эгерде буга чейинки бийлик саясий куугунтук жасап жатат деген көз караштарды эске алганда?

- Саясий куугунтук жасоо массалык басым жасоо аракети болду. Бирок алар ийгиликке жетише алган жок, эч кимди коркута да, чочута да алган жок. Коомдун реакциясы күчтүү боло баштады Кеминде, Таласта, Бишкекте, Ысыккөлдө, Нарында болуп аткан окуялар. Эгерде куугунтуктоо токтобосо бул процесс андан да өрчүйт, бийликтин авторитети, аларга ишеним кетет. Мен ойлойм бийликте отургандардын да акылы бар, ошого көзү жетти окшойт. Бул маселени тез аранын ичинде стабилдештирүү үчүн аракет кылат деп ойлойм.

- “Реформа үчүн” кыймылы сиздер өзүңүздөр белгилегендей мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо, экинчи реформа жасоо аракети башкы максатыңар эмес беле. Бул маселе кандайдыр бир деңгээлде 19-апрелден кийин токтоп калган сыяктанып атат. Мындан аркы “Реформа үчүн” кыймылынын аркеттери кандай болот, реформанын тагдырын кандай элестетип атасыз?

- Реформа үчүн биз тынымсыз күрөшүшүбүз керек. Ал бир күндө бүтүрүп коюп тарап кете турган иш эмес. Мен ойлойм реформаны биз андан ары улантабыз. Мына Конституцияга өзгөртүү, түзөтүү, тиешелүү мыйзамдар кабыл алынышы керек. Эң негизгиси Конституциядагы принциптерге жетекчилерди ынандырып көндүрүшүбүз керек. Конституцияда кандай жазылса так ошондой иштегенге биз ынандырышыбыз керек. Алүчүн биз саясий бардык инструменттерди колдонуп аракет кылабыз. Ошонун ичинде кийин дагы массалык акциялар, митингдер да болушу мүмкүн деп өзүбүз ачыктан ачык айтып жатабыз.

- Конституциялык реформа боюнча бийлик менен оппозиция жакынкы жайкы эс алуу убакыттарына чейин бир сүйлөшүүгө келе алышы мүмкүнбү?

- Конкреттүү мөөнөттү айта албайм, биз сүйлөшүүгө даярбыз. Сүйлөшүүлөр тынымсыз жүрүп жаткан митинг болуп жаткан күндөрү дагы реформа кыймылынын кээ бир мүчөлөрү өкмөт башчысы Алмаз Атамбаев менен позицияларды тактаганга, аларды бири-бирине келиштиргенге аракетти тынымсыз жасап жаткан. Ошондуктан сүйлөшүү ар дайым болот. Бирок ал сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы болобу? Эгер бир жыйынтыкка келип макулдашсак, убада берсек ошол ишке ашабы? Мына ушул маселелерге келгенде гана реформа кечеңдеп калып атат.

- Сиздин кесиптешиңиз Иса Өмүркулов болжоп атат, эгерде реформа жакынкы аралыкта ишке ашып кетпесе күзүндө өтө чоң элдик толкундоолор болот деп. Сиздин божомолуңуз кандай?

- Мен ойлойм эгерде реформа алдыга жылбаса, берилген убадалар аткарылбаса, күзүндө оппозиция массалык акцияларды уюштурушу мүмкүн. Биз муну жашырбастан эле айтып жатабыз.

- Феликс Кулов бүгүн коопсуздук кызматында жүрөт өз демилгеси менен барган экен. Биздин маалыматка караганда азыркыга чейин чыга элек. Ал жөнүндө маалыматыңыз барбы? Ал камалып калышы ыктымалдыгы жокпу сиздин оюңузча?

- Жок, менин оюмча Феликс Шаршенбаевичти камашпайт. Мен азыр эле Алмаз Атамбаев, Медет Садыркулов менен жолугуп келдим. Биз бир нече күн мурун бир топ депутаттар кепилдик берип камакта жаткан үч азаматты эркиндикке чыгаруу боюнча кайрылганбыз. Бийлик катыбыздын негизинде бүгүн кечке чейин түрмөдөгү кыймылдын мүчөлөрүн чыгарабыз деп убадаларын беришти.

- Сиз өзүңүзгө карата, же болбосо өзүңүздүн өтө жакын адамдарыңызга, кесиптештериңизге карата кандайдыр бир коркутуп-үркүтүүлөр, же чакыруулар болдубу, болгон жокпу?

- Партиянын мүчөлөрүн үстөкө-босток суракка алып атат, камалгандардын экөө “Ата мекен” партиясынын мүчөсү. Партиянын жактоочуларын уруп-согуп, региондордо куугунтуктар болуп жатат. Бул куугунтуктарга Акаевдин убагында акыркы эки жылда да көнүп бүттүк. Ошондуктан өзгөчө катуу куугунтуктоо митингден кийин башталды деп айта албайбыз. Мурун кандай болсо ошондой эле системалуу акырын тымызын кысым жасалып жүрүп жатат.

- Бүгүн социалисттик “Ата мекен” партиясынын лидери катары сиз бир билдирүү тараткан экенсиз. Ал жерде мамлекеттин, элдин бүтүмдүгүнө доо кетирүүнү шарттаган шартоонун өзү кылмыш деп айткан экенсиз. Кандай негиздерге таянып, эмне себептен ушул кайрылууну жолдодуңуз?

- Акыркы эки жылда бийликте отурган адамдар Кыргызстанды түндүк түштүккө бөлүп, ал эми региондорду андан ары бөлүп, ошонун негизинде бийликке жетип, бийлигин сактап калганга аракет кылып отурат. Бул саясатты мамлекеттик телерадио компаниялар КТР, ЖТР, ЛТР деген компаниялар эки жылдан бери жүргүзүп келди, аны элдин бары көрдү. Муну далилдештин кереги жок. Бул мамлекеттик саясат коркунучтуу саясат. Элдин биринчиден мамлекетке болгон ишенимин кетирет. Экинчиден, граждандар бири-бирине, региондор бири-бирине болгон ишенимин азайтып ар кандай жагымсыз окуяларды ар кандай коллективдер, мейли жогорку окуу жайынан болобу, же мамлекеттик ишканадан болобу, же базардан болобу бул конфликттер күнүгө кайталанып атат. Гезиттерден караңыз, интернет басылмаларды караңыз, бардык жерде ушул маселелер күндөн-күнгө эле көбүртүлүп жатат, коркунучтуу чекке жетти деп эсептейбиз биз. Бул маселени биз кыргыз патриотторуна коюп, эгер патриот болсоңуз, Кыргызстандын уулу болсоңуз биз биринчи кезекте кыргыз элинин бүтүмдүүлүгүн сактайбыз. Ал эми кыргыз эли бул мамлекеттин негизи. Демек мамлекеттин бүтүмдүлүгүн сактайлы деген чакырыгыбызды жасадык. Бул чакырык биринчи кезекте кыргыз патриотторуна багытталган.

- Маегиңиз үчүн чоң ырахмат.

XS
SM
MD
LG