Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:46

ПУТИНДИН КАЙРЫЛУУСУ ТАЛКУУДА


26-апрелде Орусиянын президенти Владимир Путин калкка жылдык кайрылуу менен чыкты. Анда Путин Европадагы жөнөкөй куралдар жөнүндөгү келишимге Орусия мораторий жарыялай турганын билдирди. В.Путиндин билдирүүсү көпчүлүк үчүн жаңылык деле болгон жок, анткени аталган документке карата терс мамиле орусиялык жетекчилик тарабынан көптөн бери эле айтылып келаткан. Бирок анын мааниси тууралуу түрдүү ойлор айтыла баштады. Айрымдардын ишениминде, Орусиянын бул чечими Грузияга каршы багытталышы мүмкүн.

Европадагы жөнөкөй куралдар жөнүндөгү келишим алгач НАТО жана Варшава уюмуна кирген мамлекеттер тарабынан 1990-жылы кабыл алынган. Бул документ мамлекеттерге куралдарды жайгаштырууда белгилүү бир чектөөлөрдү коет.

Андан сырткары, айрым өлкөлөрдөгү өзгөчө аймактарга, мисалы, Орусиянын мисалында, Түндүк Кавказга, Калининград облусуна жана Псковко оор артиллерия, танктар жана аскерий тик учактар өңдүү оор аскерий техниканы жайгаштырууга тыйуу салат.

Анткен менен Орусия Түндүк Кавказда жайгаштырууга мүмкүн болгон куралдардын көлөмүн алда качан эле ашкан болушу ыктымал деген кооптонуулар айтылууда. Эгер бул чын болсо, Грузиянын коопсуздугуна коркунуч келип жатканын түшүндүрмөк.

Путиндин билдирүүсү Грузиядагы президент Михаил Саакашвили да, премьер-министр Зураб Ногаидели да чет мамлекеттерде жүргөн учурда жасалды. Бул эле эмес, грузин президенти Абхазия жана Түштүк Осетия менен көптөн берки конфликтти чечүү үчүн алар экөө тең жактырбай турган сунуш койгон учурда айтылып жатат.

Навада эки республика тең ага макулдугун билдирбесе, Грузия «дипломатиялык чаралардан майнап чыкпады» деп, аларды өзүнүн толук көзөмөлүнө алыш үчүн аскерий аракеттерге барышына да дагы бир жолу ишеним арттырмак.

Андыктан, Путиндин 26-апрелдеги билдирүүсү эми Кавказда Тбилисинин бул өңдүү пландарын ишке ашырууга жол бербей турган күч бар экенинен кабар бергендей болду.

Бирок орусиялык аскерий эксперт Павел Фелгенгауэр окуянын дал ушундай сценарийде өнүгүшүнө анча ишене бербейт.

- Абхазия менен Түштүк Осетияда эсепке алынбаган орусиялык аскерий күчтөр бар экени менен байланышкан проблема мурдатан эле белгилүү. Бирок Орусия азыр аталган келишимден чыкса эле мында чоң өзгөрүү болуп кетет деп ойлобойм, - деди Павел Фелгенгауэр.

АКШ жана НАТОнун башка бир топ мүчөлөрү Европадагы жөнөкөй куралдар тууралуу келишимге 1999-жылы киргизилген өзгөртүүлөрдү ратификациялаган эмес. Анткени алар «Орусия Грузиядагы жана Молдовадагы куралдуу күчтөрүн толук ал аймактардан алып кетишкенде гана документти ратификациялайбыз» деп турушат.

Ушундан уламбы, Фелгенгауэр азыр бул келишимдин мааниси жокко чыгып баратканын белгиледи.

- Бул келишимде канча курал каерде экенин көзөмөлдөгөндөн башка кандайдыр бир олутуу аскерий мааниси жок. Орусия келишимге жөн эле мораторий жарыялап койбой, акырындап андан такыр чыга турганын билдире баштады. Эгер антсе, өлкөнүн куралдуу күчтөрүнө сырттан көзөмөл жоголот жана башка мамлекеттерден кооптонууну, ишенбөөчүлүктү жаратат. Бул жакшы эмес, - дейт орусиялык аскерий эксперт Павел Фелгенгауэр.

Азырынча Орусиянын артынан бул келишимге мораторий жарыялай турганын НАТОнун эч кайсыл мүчөсү айта элек.

Төрөкул Дооров, Москва

XS
SM
MD
LG