Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:08

КООМДУК ТЕЛЕКАНАЛДЫН БАЙКООЧУ КЕҢЕШИ КАНТИП КУРАЛУУДА?


Бүгүн жарандык коом өкүлдөрү чогулуп, коомдук телеканалдын Байкоочу Кеңешине шайлануучу беш өкүлдү шайлоо маселеси тууралуу талкуу уюштурду. Анткени президент кол койгон мыйзам боюнча Байкоочу Кеңештин беш мүчөсү атуулдук коомдон шайланууга тийиш. Айрымдар коомдук телеканалдын ишин көзөмөлдөөчү органга жарандык коомдун атынан бийлик өз кишилерин алып келүүгө аракет жасоосу мүмкүн деп чочулашууда.

КТРди коомдук телеканалга айландыруу тууралуу мыйзамга президент апрель айынын башында кол койгон. Мыйзам боюнча он беш кишиден туруучу Байкоочу Кеңешке президент тарабынан 10 талапкер, Жогорку Кеңеш тарабынан 10 талапкер сунушталат. Ал эми жарандык коом, саясий партиялар, ишкерлер чөйрөсү сунуштоочу талапкерлерге чек коюлган эмес. Булар көрсөткөн талапкерлерди Жогорку Кеңештин тармактык комитети иргеп, 10 талапкерди алып чыгат да, парламенттин кароосуна коет. Байкоочу Кеңештин мүчөлөрүн Жогорку Кеңеш бекитет. Бүгүнкү тегерек үстөлдө талкууланган негизги маселе – мына ушул жарандык коомго бөлүнгөн беш орунга кантип шайлоо керек деген суроо болду.

Статистикалык маалымат боюнча бүгүнкү күндө расмий каттоодон өткөн 13 000 ден ашуун коомдук уюмдар бар. Алардан тышкары саясий партиялар, ишкерлер чөйрөсү, билим берүүчү мекемелер бар. “Эл аралык толеранттуулук үчүн” коомдук уюмунун жетекчиси Рая Кадырованын пикиринде бул партия, коомдук уюмдардын көз караштары бири-бирине дал келбейт. Мына ушул жерде жарандык коом деген бөлүмдөгү беш мүчөнүн орду бийликке ыңгайлуу адамдар менен толтурулуусу мүмкүн деген кооптоонуу жаралууда. Рая Кадырованын сөзү боюнча мындай учурда коомдук уюмдардын тилектештиги сыналат:

-“Кумурскадан корккон эгин экпейт” дейт, биз дагы бийлик парламент менен сүйлөшүп алып, өзүнүн кишилерин гана өткөрүп, биздин өкүлдөрдү өткөрбөй коет деп отура берсек болбойт. Ошондуктан, биз колдон келгенче иштеп, өз кишилерибизди сунуштай беребиз. Бул бизге сабак жана тажрыйба болот,--дейт Рая Кадырова.

Жарандык коомдун айрым өкүлдөрү бийликчил жана оппозициячыл деп саналган уюмдар менен чогуу жумушчу тобун түзүүнү, биргелешип талапкер чыгарууну сунушташты. “Демократия жана атуулдук коом үчүн” коалициясынын жетекчиси Эдил Байсалов жалпы коомчулуктун кызыкчылыгы — КТРди реформалоо болууга тийиш, ошондуктан, эки жээк болуп бөлүнүүнүн кереги жок деп эсептейт.

Эдил Байсаловдун пикирине “Атуулдук платформа” коомдук уюмунун жетекчиси Алишер Мамасалиев караманча каршы. Анын пикиринде атуулдук коом саясий партиялардан да, оппозициялык уюмдардан да оолак турушу керек:

-Мен Кулов менен да, Тургуналиев менен да бейөкмөт уюмдар чогулуп алып, Байкоочу Кеңешке мүчөлүккө талапкер тандоосун туура көрбөйм. Анткени мен дайыма эле айтып келем: жарандык коом партиядан да, оппозициядан да оолак болууга тийиш,-дейт Алишер Мамасалиев.

Коомдук телеканалдын Байкоочу Кеңешине жарандык коом тарабынан өкүл болуучу ишмерлерди сунуштоо 30-майда аягына чыгат. Бул аралыкта жарандык палата аймактык форумдарды да өткөрүп, жер-жерлердеги бейөкмөт уюмдардан да коомдук телеканалдын Байкоочу Кеңешине мүчөлүккө талапкерлерди алып чыгууну көздөөдө.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG