Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Ноябрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 03:42

ШАЙЛООНУН ШАЙТАН ОЮНДАРЫ


№ 57-Кемин шайлоо чөлкөмүндөгү чатак дагыле уланууда. Төрт участокто баарына каршы берилген 1340 добуш айрым атаандаштардын пайдасына ыйгарылып калганы шайлоодон кийин эле аныкталган. Бирок да округдук шайлоо комиссиясынын төрайымы добуш берүүнүн жыйынтыктары тактала электе протоколду Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырып, жыйынтыктарды бурмалаган участкалык шайлоо комиссиясынын жетекчилери из жашырып, иши кылып, дагы бир шайлоонун чуулганы башталды.

Округдук шайлоо комиссиясынын беш мүчөсү так жыйынтыгы чыга электе эле протоколго комиссия төрайымынын өтүнүчү боюнча кол коюп беришкенин ырастап, 30-апрелде шайлоонун байкоочулары менен депутаттыккка атаандаштардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө түшүнүк кат жазып беришти. Депутаттыкка талапкер Райымбек Шабданов калыс өттү делген шайлоонун жыйынтыгы көзкөрүнөө бурмаланып жатканына таң калганын жашырган жок.

- Төрт шайлоо участогунан 1340 добуш Э.Арсалиевдин пайдасына кетип жатат. Ошол добуштардын миңи Р.Шабдановдуку деп мен турам.

Экинчи бир талапкер Кеңешбек Дүйшөбаев бийлик апачык эле атаандаштардын бирөөн алдыга сүрөмөлөп жатат, деп билдирди.

- Кайсы бир талапкердин өтүшүнө алардын кызыкдар экени билинип калды. Эгерде Борбордук шайлоо комиссиясы ушул шайлоо округуна кирген комиссияларды айланып карап, ошолорду текшерип, тегерегинде болуп жаткан ал-ахывалды изилдеп чыгышса дароо эле билинмек.

Округдук шайлоо комиссиясы жайгашкан имаратты эки күндөн бери таштабай отурган комиссия мүчөсү Жумагүл Сооронбаева ортодогу талашты мыйзам негизинде, ачууга алдырбай чечиш керектигине токтолду.

- Баары кетишти. Төрага документтерди алып кеткен. Мына мен баарына айтып жатам. Мен кабинетти жабышым керек. Сейфти мына мөөр басып жабышты. Биз да эс алышыбыз керек го. Жумуш болсо бүттү. Бул жерде ызы-чуу, кыйкырык-өкүрүк. Эми азыр кичине жоошуп калды. Муну жакшылап тактап чечиш керек. Мен кетишим керек. Жыгылып жатам чарчап.

Ушундай эле пикирлерин комиссиянын эки мүчөсү Калыбек Мамбетказиев менен Кубанычбек Базарбаевдер да ырасташты.

- 40 чакырым жерге алар 7 саатта жетишкен. Анан жолдо бюллетендерди алмаштырып, колунан келишинче чалмакей чалышты да. Анан бул жакка алып келишти. Кыязы, шашып-бушуп, жакшы санабай жасашкан окшойт. Бул жерден айырма чыгып калды.

- Кеч келишинен шек алынып, ошондон кийин протоколдору текшерилди. Аны өзүнчө алып койгонбуз. Анан алар документтерди төрага менен катчыга өткөрбөй качып кетишкен.

Шайлоочулардын көпчүлүгү арбын добушка ээ болгон белгилүү ишкер Эрик Арсалиевдин депутат болуп шайланышына азыркы бийлик абыдан кызыкдар деген пикирде. Анын кыйыр себеби катары шайлоо жуп өтөрдүн алдында Бермет Акаеванын атаандаштыктан четтетилишин көрсөтүшүүдө. Райондук соттун Бермет Акаеваны атаандаштыктан алып салуу тууралуу чечими 12 сааттан ашуун тикесинен тик турган шайлоочулардын жедеп чыдамы түгөнгөн чакта угузулган. Райондук сот чечимин Жогорку сот ырастап, ушу тапта чатак чыгаргандарды тергөө иштери уланууда. Узак убакыт тергөө алдында сурак берген Бермет Акаева ушу тапта Кеминдеги оорукананын реанимация бөлүмүндө жатат. Бөлүм башчы Токтобек Имеровдун айтуусунда, экс-президенттин кызынын эс-учун жоготуп жыгылып калышына узакка созулган тергөөлөр себеп болгон.

- Прокуратурага алып барып сурак жүргүзсө керек. Ошонун негизинде «башым айланып жыгылып кеттим», дейт. «Өзүмүн башым айланып жыгылып кеттим», дейт.

Дегинкиси Кыргызстанда парламенттик шайлоонун дээрлик баары ушинтип ызы-чуу, талаш-тартыш менен өтчү болду. Шайлоонун токонаалат сөзү барып-келип эле бийликке тиет. Бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү Кеминге барып, талаштуу ишти тактоого киришкени турат. Округдук шайлоо комиссиясы таштай качкан документтерди сейфке катып бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен атаандаштардын ишенимдүү адамдары кабинетти түн-күн күзөтүп отурушат.

XS
SM
MD
LG