Дүйшөмбү күнү Вашингтондо өтө турган жолугушуунун алдында Германиянын канцлери Ангела Меркель Буштун администрациясы Путинди Европада орнотула турган антиракеталык системанын Россия үчүн зыянсыз экенине ишендирүү керек экенин баса белгилеген.Ошол эле маалда Меркель Чехия менен Польшада антиракеталык системаны орнотуу пландары Россиянын каршылыгын эле эмес, Европадагы айрым саясатчылардын күдүң суроолордун пайда кылып жатканын кошумчалаган. Буш бул камтамачылыкты эске алып, Американын ракеталарды орнотуу ниетинде кара ниет ой жок экенин Россиянын президентине түшүндүрүүгө убада берди.
Орток пикир саммитте Ирандын ядролук программасына байланыштуу маселеде дагы жетиштилди.
-Бул биздин пикирибиз эле эмес, бүткүл дүйнө коомчулугунун пикири экенин Иран түшүнүү керек.Коопсуздук кеңеши бир нече резолюцияны кабыл алды. Ядролук куралдарды таркатпоо келишими региондо эле эмес, бүткүл дүйнөдөгү коопсуздукту сактап калууну көздөйт,- деп эскертти Бароссо дагы бир жолу.
Америка менен Европанын ортосундагы өтө кычыктуу масале болгон климат маселеси жаатында Меркель, Бароссо жана Буштун пикири бул жолу бир жерден чыкты. Бароссонун айтымында, эки тарап тең климаттын өзгөрүүсүн биргелешип аракеттенмейинче ооздуктай албай тургандыктарын мойунга алышты. Кошумчалай кетели, 2001- жылы АКШ Киото протоколун ратификациялоодон баш тартып, андан чыгып кеткен. АКШ дүйнөнүн өндүрүшү эң өнүккөн өлкө, ошондуктан анын үлүшүнө калдык газдын ири өлчөмү туура келет.
Тараптар бул жолу да конкреттүү цифраларга токтоло алган жок, бирок саммитте кабыл алынган биргелешкен билдирүүдө климаттын өзгөрүүсү "токтоосуз жана узак мөөнөттүү чараларды талап кыларын" мойунга алышты.
Баян Жумакадыр кызы, Прага